2026-жылдын 5-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунда маанилүү жолугушуу өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты И.Э.Жороев, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Ташбалтаев, Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек, Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары А.М.Абдиев, о.э. КУУнун Баткен аймагы боюнча координатору Н.Б.Таникулов, КУУнун Баткен көп тармактуу институтунун директору А.Р.Жусубалиев, СГЭИнин профессордук-окутуучулары, Сүлүктү шаарынын тургундары жана студенттер катышышты.
Жолугушууда Жогорку Кеңешинин атынан медициналык колледжге колдоо көрсөтүлүп, заманбап медициналык жабдуулар — кан айлануу системасынын стенди, 85 см анатомиялык тулку бой модели жана бейтапты кароо боюнча робот-манекендер тапшырылды. Бул студенттерибиздин практикалык билимин жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүнө чоң өбөлгө түзөт.
Институттун директору Ш.Ж.Эржигитова жана келген коноктор Сүлүктүдө архитектура, курулуш жана IT багыттарын ачууну, ошондой эле студенттер 2 жыл Сүлүктүдө, 2 жыл Бишкекте билим алуусуна шарт түзгөн академиялык алмашуу программасын талкуулашты.
Окуу жайыбыздын өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана заманбап жабдуулар менен камсыздоого колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жогорку Кеңешинин Төрагасы М.А.Маматалиевге, депутатыбыз И.Э.Жороевге, Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш.Абдыжапаровго, КМТУнун ректору М.К.Чыныбаевге, о.э. бардык конокторубузга КУУ СГЭИнин жана Медициналык колледждин коллективинин атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
(С) А.Абдиева — КУУ СГЭИнин медициналык колледжинин бөлүм башчысы, т.и.к.