2026-жылдын 7-апрель күнү Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун, География, экология жана туризм факультетинин, Кыргыз филологиясы факультетинин жана Орус жана славян филологиясы факультетинин окутуучулары менен студенттери Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районунун №1 жана №2 Васильевка орто мектептерине барып, кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келишти.
Социалдык-гуманитардык илимдер институту окуучуларга гуманитардык илимдердин коомдогу ролун мыкты көрсөтүп, социология, психология, философия, дин таануу сыяктуу багыттардын келечеги кең экендигин айтып беришти. Ал эми География, экология жана туризм факультети география, экология, туризм бүгүнкү күндө өтө актуалдуу экендигин, айрыкча экологиялык көйгөйлөр жана туризмди өнүктүрүү мамлекеттин негизги приоритеттеринин бири экендигин мыкты түшүндүрүп беришти. Кыргыз филологиясы факультети окуучуларга кыргыз тилинин мамлекеттик тил катарындагы ролу, улуттук маданиятты өнүктүрүүдөгү филологдордун орду жөнүндө кеңири маалымат берди. Орус жана славян филологиясы факультети окуучуларга орус тили эл аралык байланыштын куралы катары бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпогонун, бул адистикти алган бүтүрүүчүлөр дипломатияда, билим берүүдө, маалыматтык чөйрөдө жана эл аралык долбоорлордо ийгиликтүү иштеп жатканын баса белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга буклеттер таркатылып, алардын кызыккан суроолоруна жооп берилди. Иш-чара активдүү форматта өттү. КУУнун өкулдөрү өздөрүнүн багыттарын мыкты көрсөтүп, университеттин жогорку деңгээлин дагы бир жолу далилдешти. Мектеп администрациясы окутуучуларга жана студенттерге терең ыраазычылыгын билдиришти.
(С) Дилдебаева Айтолкун — Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун жетектөөчү адиси