2026-жылдын 11-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында «Японияда билим алуу – 2026» жарманкеси болуп өттү. Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети менен Кыргыз-япон институтунун студенттери катышкан иш-чараны Эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков ачып, жарманкенин маанилүүлүгүн белгилеп өттү. 

Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Япониянын студенттерге колдоо көрсөтүү уюмунун (JASSO) колдоосу менен Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) тарабынан уюштурулган жарманкеге Япониянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, анын ичинде Keio University, University of Tsukuba, iCLA жана Sokendai университеттеринин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Япониянын бир катар университеттеринде бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары англис тилинде окутулаары тууралуу, каржылык колдоо программалары жана университеттердин өздүк стипендиялары менен жеңилдиктери жөнүндө, о.э. Японияда такшалмадан өтүү, ишке орношуу, эл аралык тажрыйба топтоо жана өлкөнүн маданияты менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди.

Жарманкенин алдында Бактыбек Келдибеков Keio University, University of Tsukuba, iCLA жана Sokendai университеттеринин өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, академиялык байланыштарды чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду.