2026-жылдын 22-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Биринчи радионун «Таңкы Кыргызстан» программасына катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде сүйлөгөн сөзү боюнча журналисттер Назира Молдокулова менен Айдар Темиралиевдин суроолоруна жооп берди.
Ректор аталган жыйында Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жакынкы 5 жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясына кенен токтолуп, бардык тармактар боюнча өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап бергенин белгилеп, анын ичинде билим берүү системасына өзгөчө көңүл бурулуп атканын Улуттук университеттин мисалында айтып берди.
Догдурбек Чонтоев о.э. Президент өзүнүн билдирүүсүндө билим сапаты, рыноктун талабына жооп бере турган кадрларды даярдоо, университеттердин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, о.э. студенттик насыялар боюнча кенен токтолгонун билдирип, Кыргызстанда соңку 4-5 жылдан бери өнүгүү бардык тармактар боюнча болуп жатканын баса белгиледи.
Ректордун оюнча, Президенттин «Алтын да түгөнөт, ресурстар да түгөнөт, бирок туризм түгөнбөйт. Туризм — биздин эртеңки келечегибиз» деген сөздөрү абдан таамай айтылган сөздөр. Ал эми өлкө башчысынын эмдиги жылы Тоо саммитин өткөрүү, Ысык-Көлдү коргоо фондун түзүү боюнча айтылган ойлору абдан терең мааниси бар, Кыргызстанга абдан керек иш-чаралар. Ал о.э. Президенттин бизнес өкүлдөрүнө кайрылып, алардын көңүлүн билим берүү системасын өнүктүрүүгө буруу тууралуу чакырыгын да толугу менен колдоорун билдирди.
Маектин жүрүшүндө ректор Президенттин билдирүүсүндөгү сот системасы, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, жасалма интеллектти колдонуу, билим берүү менен илимдин бүгүнкүсү менен эртеңкиси тууралуу ойлору туралуу да пикирин билдирди.