2026-жылдын 30-октябрында Кызыл-Кыя медициналык колледжинин тажрыйбалуу окутуучулары академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтунун медициналык колледжине келип, студенттерге конок лекцияларды жана мастер-класстарды өтүп беришти.

Алар төмөнкү адистиктер боюнча сабактарды өтүштү:

  1. Козуева Мамлекет Надировна (Терапия) — «Дарылоо иши» адистигинин 3-курстары үчүн — «Бронхиалдык астма» темасында;
  2. Ахмедова Канаат Маккамбаевна (Анатомия) — «Медайым иши» адистигинин 2-курстары үчүн  «Тамак сиңирүү органдары» темасында;
  3. Тажибаев Нурали Нышанбаевич (Тиш оорулары) — «Медайым иши» адистигинин 3-курстун студенттери үчүн «Жак-бет бөлүгүнүн сезгенүү оорулары» темасында;
  4. Кыргызбаева Бүбүниса Хабибиллаевна (ОСД) — «Медайым иши» адистигинин 1-курстун студенттери үчүн «Дезинфекция жана стерилизация» темасында;
  5. Раимжанова Мохинур Мурзоулугбековна (Фармация) — «Фармация» адистигинин 3-курстары үчүн — «Эритмелердин классификациясы» темасында.

Мындай өз ара тажрыйба алмашуу жана конок лекцияларды өтүү окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты дагы да чыңдап, келечектеги адистердин билимин өркүндөтүүгө чоң өбөлгө түзөт. Кесиптештерибизге кызыктуу сабактары үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

(С) Абдиева А.— КУУ СГЭИнин медициналык колледжинин бөлүм башчысы, т.и.к., ага окутуучу