2026-жылдын 25-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери арасында бильярд боюнча турнир өткөрүлдү.

Салтка айланган турнирди Кесиптик бирликтин колдоосу менен Кесиптик колледж уюштурду. Турнир достук жана атаандаштык маанайда өтүп, кызматкерлер арасында өз ара байланышты бекемдөөгө жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түздү.

Турнирдин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

  • 1-орун: Саадабек уулу Бектен — Кесиптик колледжинин директору;
  • 2-орун: Кушубеков Алымбек — Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент;
  • 3-орун: Байтереков Алымбек — Физика жана электроника факультетинин теориялык жана жалпы физика кафедрасынын доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты.

Жеңүүчүлөр дипломдор жана белектер менен сыйланышты.

Добавить комментарий