2025-жылдын 5-октябрында кичи-футболду сүйүүчүлөрдүн Dordoi Food 35+ лигасына кирген командалардын арасында кичи-футбол боюнча турнир башталды. Лигадагы 50 команда A,B,C,D тайпаларына бөлүнгөн.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Улуттук университет” командасы B тайпасында бүгүнкү күнгө чейин 5 оюн өткөрүп, “Воронцовка”, “90 Ынтымагы”, “Ала-Тоо” командаларын утуу, “Батор 20”, “Гиперсторой” командаларына утулуу менен турнирдик таблицада 6-орунду ээлеп турат.
(С) Айдар Конокбаев – инженер-энергетиги
