2025-жылдын 9-август күнү Көк-Жар конушунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандитаты, доцент Туратбек Токтобекович Сырдыбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. 

Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков алып барган аза күтүү митингинде КУУнун акасакалдар кеңешиин төрагасы Садык Алахан, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчуев, көрүнүктүү илимпоз, академик, этнограф Абылабек Асанканов, КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти Турдубек Шейшеканов, Президенттик Администрациянын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Октябрь Капалбаев, маркумдун кошуналары, классташтары чыгып сүйлөшүп, Туратбек Токтобековичтин өмүр жолу, илимий жетишкендиктери, активдүү студент, мыкты окутуучу, зирек жетекчи, камкор ата экендигин муңкануу менен эскеришти. 

Жыйындын соңунда маркумдун туугандары аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн КУУнун жетекчилигине жана кесиптештерине ыраазычылык билдиришти.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, кадырлуу Туратбек Токтобекович. Жараткан бейишинен жай берсин. Сиз түбөлүккө биздин жүрөгүбүздө кала бересиз…

Добавить комментарий