2026-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарындагы “Сейтек Стем” мектебинде SECOM билим берүү жана өнүгүү борбору тарабынан 9–11-класстардын окуучуларына кесипке багыт берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Карьера, ишке орноштуруу  жана кесипке багыт берүү борборунун башкы адиси Эркинбек Эгембердиев менен Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин активисти, студенттик кеңештин төрагасы Жоробаев Адахан катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга Улуттук университетеги билим берүү багыттары жана адистиктер, кабыл алуу шарттары, окуу процесси, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берилип, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, университеттин билим берүү чөйрөсү, студенттик жашоо жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөрү боюнча жоопторду алышты.

(С) Эркинбек Эгембердиев — Карьера, ишке орноштуруу  жана кесипке багыт берүү борборунун башкы адиси