2026-жылдын 7-ноябрьда Улуттук тарых музейинин конференц-залында  көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири жана эң жаш советтик премьер-министр Юсуп Абдрахмановдун өмүрүнө, саясий ишмердүүлүгүнө арналган «Юсуп Абдрахмановдун темир жолу – Кыргыз Түрксиби» аттуу даректүү тасманын экинчи бөлүгүн көрсөтүү жана талкулоо иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын саамалык ачылышында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, профессор Зайнидин Курманов жана башкалар сөз сүйлөп, кинопремьеранын маанисине токтолду. Ал катышуучуларга ак батасын берип, кинотасманын тарыхый жана тарбиялык баалуулугун өзгөчө белгиледи.

Көрсөтүлгөн документалдуу фильм эң жаш советтик премьер-министрдин саясий ишмердүүлүгүнүн буга чейин коомчулукка анча белгисиз болгон, драматизмге толгон барактарын ачып бере алды. Тасманын режиссеру – таланттуу кинодокументалист Темирбек Сманалиев, ал эми сценарий автору – белгилүү мамлекеттик ишмердин чөбөрөсү, таланттуу аналитик-изилдөөчү, диктор жана жазуучу Астемир Абдрахманов.

Тасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон улуу инсандын өмүр жолун, анын ичинде ТҮРКСИБ (Түркстан-Сибирь) темир жолун куруудагы жана өлкөнүн экономикасын көтөрүүдөгү каарман эмгегин чагылдырат. Юсуп Абдрахмановдун өз заманында жазып калтырган тарыхый күндөлүктөрү жана трагедиялуу тагдыры анын мекенчилдигинин айкын далили экени баса белгиленди.

Бул маанилүү илимий-агартуучулук жолугушууга Социалдык-гуманитардык институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты. Алардын катарында:

  • Социология жана социалдык иш кафедрасынын доценти Малтабаров Бакытбек Амирович; улук окутуучу Токоева Назира Байболотовна;
  • Психология кафелрасынын доценти Наралиева Бермет Каратаевна;
  • Проф. Т.Омурова атындагы динтаануу жана теология кафедрасынын доценти Шаршеналиев Улан Алтымышевич жана башка окутуучулар.

Иш-чарага «Социалдык иш» багытынын 3-курстун СРК(б)-124 тайпасынын студенттери тарыхый тасмадан Мекенди сүйүүгө, эл үчүн жан аябоого үндөгөн, коомчулукка азырынча белгисиз болгон жаңы маалыматтар менен таанышышты: Абдималик кызы Нуртажы, Абдырахманова Айсезим, Абубакирова Айтолкун, Алишер кызы Кулпунай, Жолчубекова Медима, Исираилова Алина, Кадырбекова Гулина, Койчубекова Айжан, Мырзабекова Акылай, Нурунова Алтынай, Сулайманова Улугай, Убайдуллаева Сезимай.

Бул сыяктуу маанилүү тарыхый иш-чаралар жаш муундардын патриоттук сезимин ойготуп, улуттук тарыхка жана ата-бабалардын мурасына болгон кызыгуусун арттырууда чоң мааниге ээ экендиги дагы бир жолу далилденди.

(С) Б.А.Малтабаров — социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти