2026-жылдын 30-октябрында Журналистика жана коммуникация институтунда Илим күнүнө карата Россиянын Жогорку экономика мектебинин саясий социология борборунун башкы илимий кызматкери, саясий илимдердин доктору Алексей Александрович Токарев студенттер менен жолугушту.
«Россия» медиаборборунда өткөн жолугушууда «Социология образа будущего: нарисованная собой Россия» аттуу изилдөө долбоору талкууланды. Аталган изилдөөнүн алкагында Бишкек шаарындагы эки мектепте социологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Конок изилдөөнүн жүрүшү, алынган маалыматтар жана анын негизинде иштелип чыккан гипотезалар тууралуу айтып берип, аларды институттун студенттери менен биргеликте талкуулады.
Пикир алмашуу учурунда студенттер изилдөөнүн методологиясына, жаштардын келечек жөнүндөгү түшүнүктөрүнө жана коомдук көз караштарды илимий жактан талдоонун өзгөчөлүктөрүнө кызыгышты.
Жолугушуу студенттерге социологиялык изилдөөлөрдүн практикалык мааниси менен таанышууга, илимий маалыматтарды талдоо жана изилдөө жыйынтыктарын интерпретациялоо боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Алексей Токарев 2024-жылдан бери Россиянын Жогорку экономика мектебинде эмгектенет. Ал прикладдык жана саясий социология багытында иш алып барып, массалык аң-сезимди, коомдук-саясий процесстерди жана жаштар саясатын изилдейт.
(С) П.Джаныбекова — адис