2025-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев университеттин 100 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмө менен таанышты, андан соң юбилейге арналган фильм жана театралдаштырылган пролог көрсөтүлдү. 

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн юбилейлик датасы менен куттуктап, университеттин тарыхый маанисин баса белгиледи. 

«Университет кыргыз интеллигенциясынын бешигине айланды. Кыргыз элинин элитасынын, көрүнүктүү тарыхый инсандарынын көпчүлүгү дал ушул жерден билим алышкан. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын беш Баатыры, эки Эмгек Баатыры, он бир академик, кырктан ашык Эл акыны жана жазуучусу, он алты Эл мугалими, 1 олимпиада чемпиону жана башка көптөгөн инсандар бар. Университетте кыргыз адабиятынын негиздөөчүсү Касым Тыныстанов иштеген, кыргыз поэзиясынын өчпөс жылдызы Алыкул Осмонов окуган, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев билим алган. Бул университет – элибиздин билим, шыктандыруу жана руханий жандануу булагы», – деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз улуттук университети бардык кийинки жогорку окуу жайларынын, илимий-изилдөө институттарынын жана өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын пайдубалын түптөп, билим берүү жана илимдин өнүгүшүнө биринчи түрткү болуп, Кыргызстандын интеллектуалдык өсүшүнө старт бергенин баса белгиледи. 

«Кыргыз улуттук университети – бул өлкөбүздүн илим жана билим берүү тарыхында, анын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүдө өзгөчө орду бар флагман жана бүгүнкү күнгө чейин бул бийик статусун сактап келет. QS World University Rankings рейтингинде 106 өлкөдөн 24 миң окуу жайдын ичинен университет 1234-орунду ээлейт. QS Asia Азия рейтингинде 381-орунда, ал эми QS Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасындагы рейтингинде 25-орунда турат. Бул позициялар Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп саналат. Бирок буга токтолуп калууга болбойт», – деген Адылбек Касымалиев, университеттин республика үчүн кесипкөй кадрларды даярдоодогу маанилүү ролун белгиледи. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле өлкөнүн ар кандай тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдаганы үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгонун баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан ал бул жогорку мамлекеттик сыйлыкты университеттин ректору Догдурбек Чонтоевге тапшырды. Андан соң университеттин бир катар кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

(С) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сайты

Добавить комментарий