2026-жылдын 26-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров Улуттук университеттин 6-окуу имаратында студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
Муфтияттын өкүлдөрүн ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу тосуп алып, студенттерге тааныштырды жана иш-чаранын маанисине токтолду.
Абдулазиз кары Закиров жаштарды билим алууга, ыйман-адепти сактоого жана коомго пайдалуу инсан болууга чакырып, ата-энени урматтоо — ыймандын белгиси экенин белгиледи. Дин аалымы о.э. үй-бүлө — адамдын бакыты жана коомдун негизи экенине токтолуп, “Кээде пикир келишпестик, уруш-талаш болушу мүмкүн, бирок сабырдуулук, урмат-сый, бири-бириңерди түшүнүү менен көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Бекем үй-бүлө — тынчтык жана бакыттын булагы”, — деди.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өз суроолорун берип, актуалдуу маселелер боюнча кеңеш алышты.