2026-жылдын 3-ноябрында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин төрагалыгы алдында Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйындын күн тартибине бир катар маанилүү маселелер коюлду. Алардын катарында Орус жана славян филологиясы факультетинин Орус тилинин теориясы жана практикасы кафедрасын экиге бөлүү жолу менен кайра уюштуруу, 2026–2027-окуу жылына карата КУУнун стимул берүүчү гранттарынын алкагында илимий долбоорлорду тандоо жана ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктарын кароо, сынактан ийгиликтүү өткөн долбоорлорду бекитүү, ошондой эле тиешелүү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, окуу жайдын Ботаникалык багын ”Ж.Баласагын атындагы КУУнун Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөртүп, кайра түзүү жана анын жобосун бекитүү маселеси талкууланды.
Күн тартибиндеги маселелер кеңири талкуулангандан кийин тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Окумуштуулар кеңешинин кароосуна сунушталды.
Отурумдун жүрүшүндө сыйлык тапшыруу аземи да болуп өттү. 5-октябрь — Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен сыйланды.
Аталган сыйлык университеттин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2026-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдө өткөрүлгөн «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.
Ошондой эле КУУнун административдик-чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахунов жана Жатаканалардын менеджери Бексултан Шабданов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланышты.
Ушул эле министрликтин Ардак грамоталары менен №5 жатакананын коменданты Гульнара Сүйүмкулова жана вахтёру Эльмира Шаршеева сыйланышты.