2026-жылдын 11-ноябрында КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев «Журналисттер союзунун кубогу – 2026» футболдук мелдешинде III орунду ээлеген Журналистика жана коммуникация институтунун студенттер командасын кабыл алды.

Жыл сайын КР Журналисттер союзу 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттер арасында уюштуруп келген салттуу мелдешке быйыл жалпы 11 команда катышты. Алардын катарында күч сынашкан КУУнун студенттери атаандаштары менен теңтайлашып, жыйынтыгында III орунду ээлешти.

Жолугушууда Алайбек Шамшиев студенттерди жетишкен ийгилиги менен куттуктап, алардын спорт жаатындагы жетишкендиги университет үчүн сыймык экенин белгиледи. Ошондой эле мындай мелдештер келечектеги кесип ээлеринин өз ара тажрыйба алмашуусуна, байланышын чыңдоосуна  жана командалык иш алып баруу жөндөмүн өнүктүрөөрүн айтты. 

Мелдештин жыйынтыгында команданын III орунду ээлегенинен тышкары, анын мүчөсү Байэл Култаев «Мыкты дарбазачы» номинациясына ээ болгон.

Өз кезегинде Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк жана студенттер даярдык көрүүдө, оюн учурунда колдоо көрсөткөнү үчүн окуу жай жетекчилигине   ыраазычылык билдиришти.

Мындан тышкары жолугушууда алдыдагы спорттук мелдештерге даярдыкты күчөтүү, шарт түзүү,  үзгүлтүксүз машыгуу жана медиа өкүлдөр арасында турнир уюштуруу демилгеси да сунушталып, сунуш-пикирлер айтылды.

Улуттук университет студенттердин билим алуудагы, чыгармачылыктагы жана спорттогу жетишкендиктерин колдоону улантат.