Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Борбордук Азияда биринчи жолу бардык окуу имараттарын интерактивдүү мүмкүнчүлүгү бар бирдиктүү санариптик түгөйгө бириктирди.

Бул долбоор инновациялык 3D лазердик сканерлөө, машиналык көрүү жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен ишке ашырылды. 3D тур:

  • КУУнун окуу имараттарын заманбап, иммерсивдүү виртуалдык турда изилдөөгө мүмкүндүк берет;
  • Класстарды виртуалдык түрдө изилдеңиз, аудиогиддерди колдонуңуз, интерактивдүү маркерлерди табыңыз жана университетибиздеги эң кызыктуу иш-чаралар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билип алыңыз;
  • Ыңгайлуу меню сизге керектүү имараттарга жана класстарга заматта багыт алууга мүмкүндүк берет;
  • Интерфейс жана бардык сүрөттөмөлөр үч тилде — кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү.

Ар бир окуу имаратынын санариптик түгөйлөрү 2GIS жана Google Maps маалымат базаларына да жайгаштырылды. Алар Улуттук университеттин бренди астында өлкөнүн бардык тургундары үчүн, о.э. Google Maps глобалдык издөө жана картага түшүрүү платформасын колдонуп, Кыргызстанды көргөн ар бир адам үчүн жеткиликтүү.

Санариптик түгөй үзгүлтүксүз жаңыртылып турат. Башка шаарлардагы жаңы окуу имараттары жакында кошулат.

Биз менен бирге болуңуз!

Башкы имарат

Добавить комментарий