Четверг, Октября 17, 2019

КУУда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты (жаңыланды)

Бүгүн, 2011-жылдын 4-майында, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чоң жыйындар залында университетте иштеген Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктоо аземи болуп өттү. Иш-чараны КУУнун ректору, профессор А.А.Акунов ачып, ардагерлерге өз ыраазычылыгын билдирди жана аларга күч-кубат, ден-соолук, жакшылыктарды каалады. Ректор сөзүн "Сиздер бизге маяк, өрнөк  болуңуздар. Биз сиздерден Мекенди сүйүүнү үйрөнүп, сиздерди дайыма сыйлап, дайыма сиздер менен сыймыктанып жүрөлү", - деп жыйынтыктады.


КУУнун Бириккен профсоюздук комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Иванов университетте иштеген Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата материалдык колдоо көрсөтүү тууралуу ректордун буйругун окуп берди.


Аземде Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КУУнун ардактуу профессору, 88 жаштагы Петр  Чесноков чыгып сүйлөп, төмөндөгүлөрдү айтты: “Мен 1941-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайына окууга өтүп, ошол жерден фронтко кеттим. Согушуп жүрүп Великие Луки шаарына чейин жеттим. Ал жерден жарадар болуп, айыгып чыккан соң, кайрадан фронтко жөнөдүм. Экинчи жаракатты Курскиде алып, инвалид болдум. Токмок шаарындагы Улуу Ата мекендик согушта каза болгондорго арналган эстеликтин гранит тактайында менин да фамилиям жазылып турат. Согуш бүтүп, үйгө келсем бир туугандарым мени өлдү дешип, жерге беришкендиктерин айтышты. Көрсө, мен жарадар болгондо командирлерден каталык кетип, фронттон үйгө мени өлдү деген кара кагаз келген экен. Бутум жарадар болуп басалбай калгам болчумун, бирок спорт менен машыгып жүрүп көп жеңиштерге жетиштим. Жаштарга айтар элем - спорт менен машыккыла, согуш эч качан болбосун”.


КУУнун Бириккен профсоюздук комитетинин төрагасы Шаршенбек Сальпиев залда отурган ардагерлердин жасаган эмгегктерине ыраазычылык билдирип, өткөн жылкы өрттөнгөн үйлөр, ызы-чуу, уруш-талаштар үчүн алардан кечирим сурады. .


Аземдин расмий бөлүгүнөн кийин ардагерлер университеттин таланттуу студент жаштары тарабынан даярдалган чакан концертке күбө болушту.  Концерт комуз күүсү менен башталып, Ч.Айтматовдун чыгармасынан театралдык үзүндү менен улантылып, согуш темасындагы ыр-бийлер менен жыйынтыкталды.


Аземдин соңунда согуш ардагери, пофессор Леонид Тузов сөз сүйлөп, жаштарды “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып", биримдикте болууга чакырды.

 

Иш-чаранын соңунда КУУнун Бириккен профсоюздук комитети Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерин атайын уюштурулган сый таммакка чакырды.