Четверг, Октября 17, 2019

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов КУУнун студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 2011-жылдын 27-апрелинде, Кыргыз улуттук университетинин Чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ибрагим Жунусовдун КУУнун студенттери менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бөлүм башчысы Аскарбек Бекбоев катышты.


Иш-чараны КУУнун ректору, профессор А.А.Акунов ачып, залда отургандарга конокторду тааныштырды жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тууралуу кыскача маалымат берди.


Атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын май айында окуу жайдын университет болгонуна 60 жыл, ал эми эмдиги жылы жогорку окуу жай болуп түзүлгөнүно 80 жыл толот. Бүгүнкү күндө университеттин 9 факультет, 10 институт жана 2 борборунда 2 миң 255 студент бюджеттик бөлүмдө, ал эми 21 миң 527 студент контракттык бөлүмдө окушат. Аларга 2 миң 122 окутуучу сабак беришет (алардын ичинен 450 – илимдин кандидаты, 68 - илимдин доктору).


Андан ары ректор сөздү Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ибрагим Жунусовго берди.


Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри сөзүнүн башында бул жолугушуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын,  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана Кыргыз улуттук университетинин студенттеринин каттарында айтылган жолугушуу тууралуу суранычтардын негизинде өтүп жатканын айтты.


Кыргызстандын билим берүү тармагы менен тааныш экендиги тууралуу Ибрагим Жунусов “Мен өзүм билимден алыс эмесмин, 27 жыл Ош мамлекеттик университетинде лаборант, окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы (8 жыл), декан (4 жыл), проректор (2 жыл) жана биринчи проректор (2 жыл) болуп иштеп, негизи Кыргызстандын билим берүү системасын жакшы билем”, - деп белгиледи.


Андан ары Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри коалициялык Өкмөттүн жасаган иштерине токтолуп, төмөнкүлөрдү айтты:


“Биз келгенде мугалимдер айлыктары аз болуп, пикетке чыгып аткан. Өкмөт баардык талаптарды карап чыгып, пикетке чыккан мугалимдердин эле эмес, медиктердин да, маданият кызматкерлеринин да айлыктарын 30 пайызга эмес, 300 пайызга, б.а. 3 эсеге көтөрүүнү чечти. Мурда 3 миң сом айлык алган мугалим 1-майдан баштап 9 миң сом ала баштайт.


Мындан сырткары,  биздин сунуш боюнча Премьер-министр Алмазбек Атамбаев пол жууган кызматкерлердин айлыгын 800 сомдон 3 миң сомго, кароолчулардын айлыгын 3 миң сомго, ооруканадагы санитаркалардын айлыгын 1 миң 200 сомдон 3 миң 200 – 3 миң 400 сомго чейин көтөрүү боюнча чечим кабыл алды.


Нан кымбаттаган кезде (февралда) Кыргызстандагы 123 миң 648 жакырчылыкта жашаган үй-бүлөнүн ар бирине 1 мешоктон ун таркатылды. Азыр, өзүңүздөр билесиздер, ундун баасы түшө баштады. Ошондой эле, инвалид болуп төрөлгөн балдардын ата-энесине берилүүчү жөлөк пулдун (пособиенин) өлчөмү да 1-июндан баштап 1 миң 200 сомдон 3 миң 300 сомго чейин көтөрүлөт.


Чернобыль авариясынын кесепетин жойууга катышып келген ар бир адамга 20 миң сомдон, эгер ал адам өтүп кеткен болсо, анын үй-бүлөсүнө 10 миң сомдон берилет.


Пенсионерлер да Өкмөткө кайрылып жатат. Пенсияны көтөрүш үчүн биздин өкмөткө 10 млрд. 250 млн. сом керек. Студенттердин стипедиясына да Өкмөт 2012-жылдан баштап көңүл бурат.


Ошто, Жалал-Абадда болгон окуяларга 14 млрд. сом чыгымдалды. Эгер ал акчалар болгондо, дагы көп жумуштар жасалмак.


Июндан баштап Курманжан датка энебиздин 200 жылдык мааракесин белгилегени турабыз. Ый, аза, жана кайгы токтосун деп ушул тойду өткөрүү чечими кабыл алынды. Той болбосо, б.а. жакшылыкты жакшылык чакырбаса, кайгыны кайгы чакыра берет. Энебиз ак жоолугун көтөргөндө ар кандай атышуулар токтоп, согуштар басылган экен.


Жаштар проблемасын чечүү үчүн Жаштар министрлиги түзүлдү. Көпчүлүк учурда ар кандай саясий акцияларга, пикеттерге студенттер катышат. Акыркы кезде кокту-коктунун, уруу-уруунун туусун көтөргөн жаштар көбөйүп кетти. Эми кокту-коктунун, уруу-уруунун эмес, Кыргызстандын туусун көтөргөн жаштар – мына силер болушуңар керек. Кыргызстан дегенде жүрөк кадимкидей толкундап, мекенчилдик сезим ойгонуп турсун.


Түндүк-түштүк проблемасы мурда папке талашкан чиновниктердин арасында эле болсо, азыр карапайым элдин арасына да өтүп кетти. Мына ушуну токтото турган, биринчи кезекте, жаштар болушу керек.


Түндүк менен түштүктү акын-жазуучулар куштун эки канатындай көрүшсө, мен түндүк менен түштүктү Асан менен Үсөн, Батма менен Зуурадай көрөм. Мен айткан сөздүн маанисин эгиздер жакшы түшүнүшөт: эгер түштүктө жашаган Үсөн бармагын кесип алса, түндүктө жашаган Асандын бармагы ооруйт. Ошондуктан түндүк-түштүктү Асан-Үсөндөй көрүшүбүз керек".


Жаштардын коомдо ээлеген орду тууралуу айтып келип, "Көп нерсени чече турган дагы, жасай турган дагы – мына силерсиңер жаштар", - деп жыйынтыктады Ибрагим Жунусов.


Сөзүнүн аягында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри залда жалаң гана студенттер калышын өтүнүп, жолугушуунун андан аркы бөлүгү университеттин окутуучулары, жетекчилери жана басма сөз өкүлдөрү жок, жабык эшик артында өттү.