Жекшемби, Июнь 04, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Улуттук университетте Жедигер Саалаевдин “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” аттуу китебинин бет ачары болду

2023-жылдын 19-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында юридика илимдеринин кандидаты, КР Конституциялык сотунун экс-судьясы, белгилүү акын жана журналист, коомдук ишмер Жедигер Саалаевдин “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен салтанаттуу ачылып, фольклордук ансамбль “Маш ботой” күүсүн аткарган соң, жыйындын модератору Кубат Оторбаев КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго сөз берди. Ал жаңы китептин авторун сыйлап, анын чыгармачылыгын сыйлап, о.э. Улуттук университетти сыйлап иш-чарага келип берген конокторго ыраазычылык билдирип, Жедигер Саалаевге Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы чечими менен ыйгарылган "КУУнун ардактуу профессору" наамынын аттестаты менен академиялык мантиясын тапшырды.

Ж.Саалаевдин феномени жөнүндө кыскача видеофильм көрсөтүлгөн соң, филология илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Аида Эгембердиева; филология илимдеринин доктору, профессор Лайли ҮкүбаеваКР Президентинин кеңешчиси, белгилүү журналист жана жазуучу Арслан Капай уулупублицист-философ, коомдук ишмер Эсенбай НурушевМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек МаксутовКР эл жазуучусу Мелис АбакировКР жазуучулар союзунун торагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан КалыбековКР журналисттер союзунун торагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдыкадыр СултанбаевКР эл акыны Кожогелди Култегин; С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, айыл чарба илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Эрмек Байбагышов жана КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк куттуктоо сөздөрүн жан автордун жаңы китеби боюнча пикирлерин айтышты.

Жыйындын жүрүшүндө Жедигер Саалаев ырларынан окуп, суроолорго жооп берди, ал эми КР эл артисттери Асылбек Өзүбеков, Роза Аманова, Исрадин Аманбаев жана жаш аткаруучулар Айгерим Бакибаева, Максат Бекинов акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларды аткарып беришти.

Аземге келген коноктор менен катышуучуларды каттоо учурунда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин фольклордук ансамблинин аткаруусунда элдик күүлөр, ырлар жаңырып турду. 

02

04

06

08

10

12

14

16

20

21 1

21 2

22

23

24

26

28

30

32

34

40

42

44

46

48

52

54

56

58

60

Жедигер СААЛАЙ Ыбырайым уулу

1961-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. Акын, журналист, юрист. Ар кайсы жылдарда жарык көргөн «Жөрөлгө», «Башат», «Аргасыздык ырлары», «Аттануу», «Аламан», “Арыбагын, Күн!”, “Ак куулар”, “Манас дух”, “Адам пенде, Жер-энеге таазим эт!” ыр жыйнактарынын, «Бакдөөлөттүн жазы...» илимий- публицистикалык китебинин, бир катар пьеса, очерк, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын автору. “Манас дух” поэтикалык китеби Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу жана Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму тарабынан 2020-жылдын мыкты китеби деп табылган.

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолун “Советтик Кыргызстан” гезитинде кабарчылыктан баштап, учурунда Кыргызстан театр ишмерлери Союзунун драматургия бөлүмүнүн башчысы, КМУнун журналистика кафедрасынын жетекчиси, КТРдин башкы редактору - продюсери, “Кыргыз Туусу” гезитинин эки жолку башкы редактору, Чуй университетинин ректору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы, Юридика институтунун директорунун кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын доценти, Кыргыз Республикасынын Президентинин эксперт-спичрайтери болуп иштеген. 2015-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болгон.

Ага КР Президенти тарабынан жогорку квалификациялык класстагы судья квалификациялык классы ыйгарылган.

Коомдук ишмер катары Кыргызстан журналисттер союзунун төрага орун басары, Мамлекеттик тил боюнча КР Президентмне караштуу Улуттук комиссиянын мүчөсү, КР Коомдук теле-радио берүү корпорациясынын Байкоочу кенешинин, КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ("Кыргызпатент”) авторлор кеңешинин Президиумунун мүчөсү болгон. Учурда Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун Башкармасынын Президиумунун мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси.

Туулуп өскөн Ак-Муз айылынын, Ат-Башы районунун жана Нарын облусунун “ардактуу атуулу” ардак наамдарынын ээси.

Жедигер Саалаевдин ысымы окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 27-июнундагы чечими менен С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасына ыйгарылган. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин 2019-жылдын 7-февралындагы жана Сатыбалды Нааматов атындагы НМУнун окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы чечимдеринин негизинде Ж.Саалаевге аталган университеттердин ардактуу профессору наамы берилген.

Эл аралык коомдук Чынгыз Айтматов Академиясынын, Омор Султановдун эл аралык коомдук Поэзия Академиясынын Академиги. КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын “Ак ниет кызматы үчүн” 1- даражадагы медалынын ээси.

press knu 2023

Материал катышуучуларга таратылган программанын негизинде даярдалды