2025-жылдын 28-июнь күнү Баку университетинин профессору, физика-математика илимдеринин доктору Сади Байрамовго ‘’КУУнун ардактуу профессору’’ наамын ыйгаруу аземи болуп өттү. Азербайджандык окумуштууга бул наам Улуттук университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы чечими менен ыйгарылган.
Ректораттын жыйындар залында өткөн салтанаттуу иш-чарада КУУнун биринчи проректору – окуу боюнча проректор Алайбек Шамшиев Сади Байрамов мырзага “КУУнун ардактуу профессору’’ наамынын аттестатын тапшырып, мантиясын кийгизди.
Жаңыдан гана Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору болгон Сади Байрамов өз ыраазычылыгын билдирип, эки университеттин ортосундагы академиялык мобилдүүлүктү жана илимий коллаборацияны күчөтүүдө олуттуу салым кошууга даяр экендигин билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана академик Алтай Бөрүбаевдин 75 жылдыгына арналып Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн “Топология жана анын колдонулушу” темасындагы эл аралык конференциянын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.
Баку университетинин профессору, КУУнун ардактуу профессору Сади Байрамов агайыбыздын мындан аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүгүнө албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.
(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент



















