2025-жылдын 3-июль күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргыз улуттук университетинде жогорку билим берүү уюмдарынын ректорлору менен жолугушту.
Жыйындын негизги максаты — университеттик программаларды жана окуу пландарын түп-тамырынан жаңылоо маселесин талкуулоо болду.
Отурумду Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов ачып, жыйындын күн тартиби жана өзү жетектеген ведомстовонун максаты жана алдыга койгон пландары тууралуу айтып берди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Билим берүү, илим жана инновациялар министринин орун басары болуп дайындалган Нурлан Омуровду жана биринчи орун басары болуп дайындалган Айбек Чотоновду тааныштырды. Ал өз сөзүндө министрликтин жаңы жетекчилигинин алдында жогорку билим берүү системасын жана илим тармагын модернизациялоо боюнча чоң милдеттер турганын белгиледи.
«Билим берүү системасына жаңы дем, кесипкөйлүк жана ырааттуулук керек. Жаңы министрлик менен бирге керектүү реформаларды ишке ашырышыбыз зарыл. Биз биргелешип окуу программаларын заманбап талаптарына шайкеш келтирип, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү, инновацияларды киргизүү, процесстерди санариптештирүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында иш алып барышыбыз керек. ЖОЖдор билим берүү мекемелери менен гана чектелбестен, коомдук өнүгүүнүн, илимдин жана инновациянын борборуна айланышы зарыл. Биз келечектин атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларын даярдоо үчүн бекем пайдубал түптөшүбүз керек», — деди Эдиль Байсалов.
Жолугушуунун жүрүшүндө өздөрү жетектеген окуу жайларда аткарылып жаткан иштер жана окуу программаларын жаңылоо тууралуу И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин проректору Алмаз Иргашев жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев баяндама жасашты.
Быйылкы кабыл алуу компаниясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова маалымат берди.
Жыйынга министрликтин жетекчилиги, өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты.


