2025-жылдын 27-июнь күнү математика жана информатика институтунда Чекия Республикасынын Оломоуц шаарындагы Палац университетинин профессору Йозеф Микеш “Геодезиялык карта түзүү жана жалпылоо” аталышындагы, ал эми М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, КУУнун ардактуу профессору Юрий Садовничий “Жалпыланган универсалдуу өлчөнгөн мейкиндиктер” темасында илимий баяндамаларды жасашты.
Дүйнөгө белгилүү профессорлордун сабактарын жыйындын катышуучулары өтө кызыгуу менен угушту.
Институттун директору профессор Изат Усенов бүгүнкү иш-чара КУУнун 100 жылдык мааракесинин алкагында эл аралык мамилелерди чыңдоо, академиялык мобилдүүлүктү жана илимий коллаборацияны күчөтүү максатында өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Профессор Йозеф Микеш мырза өз сөзүндө академик Алтай Бөрүбаев жетектеген кыргызстандык математиктер менен 40 жылдан бери, т.а. 1984-жылдан бери математика багыты боюнча кызматташып келерин айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ф.-м.и.д., профессор Анарбек Алыбаев илимдин математика багытында жалпы бир илимий натыйжага жетүү максатында бир нече изилдөөчүлөрдүн өз ара кызматташуусу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө ресурстарды, билимди жана тажрыйбаны бириктирүү аркылуу гана ийгиликтерге жетүү мүмкүн экендигин белгиледи.
Белгилеп кетчү нерсе, ф.-м.и.д., профессор Йозеф Микештин жетекчилиги астында 1993-жылы доцент Кубат Эсенов, 1995-жылы доцент Алмаз Сабыканов математика боюнча кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жакташкан.
(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент


