2025-жылдын 23-июнунан тартып 30-июнга чейин Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Кыргыз денизи» санаторийинин спорттук базасында Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлеринин арасындагы «Ден соолук» спартакиадасы болуп өттү.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары аталган мелдештерге спорттун 7 түрү боюнча катышып, төмөнкү орундарды ээлешти:
- Стол үстүндөгү теннис: айымдар 3-орун, мырзалар 2-орун;
- Шахмат: айымдар 2-орун;
- Тогуз коргоол: айымдар 3-орун, мырзалар 2-орун;
- Ордо: 3-орун.
(С) Шаршен Абдыкеримов – факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы





