Улуттук университетте Жедигер Саалаевдин “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” аттуу китебинин бет ачары болду
2023-жылдын 19-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында юридика илимдеринин кандидаты, КР Конституциялык сотунун экс-судьясы, белгилүү акын жана журналист, коомдук ишмер Жедигер Саалаевдин “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен салтанаттуу ачылып, фольклордук ансамбль “Маш ботой” күүсүн аткарган соң, жыйындын модератору Кубат Оторбаев КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго сөз берди. Ал жаңы китептин авторун сыйлап, анын чыгармачылыгын сыйлап, о.э. Улуттук университетти сыйлап иш-чарага келип берген конокторго ыраазычылык билдирип, Жедигер Саалаевге Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 3-майындагы чечими менен ыйгарылган "КУУнун ардактуу профессору" наамынын аттестаты менен академиялык мантиясын тапшырды.
Ж.Саалаевдин феномени жөнүндө кыскача видеофильм көрсөтүлгөн соң, филология илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Аида Эгембердиева; филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева; КР Президентинин кеңешчиси, белгилүү журналист жана жазуучу Арслан Капай уулу; публицист-философ, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев; Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов; КР эл жазуучусу Мелис Абакиров; КР жазуучулар союзунун торагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Калыбеков; КР журналисттер союзунун торагасы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдыкадыр Султанбаев; КР эл акыны Кожогелди Култегин; С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, айыл чарба илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Эрмек Байбагышов жана КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк куттуктоо сөздөрүн жан автордун жаңы китеби боюнча пикирлерин айтышты.
Жыйындын жүрүшүндө Жедигер Саалаев ырларынан окуп, суроолорго жооп берди, ал эми КР эл артисттери Асылбек Өзүбеков, Роза Аманова, Исрадин Аманбаев жана жаш аткаруучулар Айгерим Бакибаева, Максат Бекинов акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларды аткарып беришти.
Аземге келген коноктор менен катышуучуларды каттоо учурунда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин фольклордук ансамблинин аткаруусунда элдик күүлөр, ырлар жаңырып турду.
Жедигер СААЛАЙ Ыбырайым уулу
1961-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. Акын, журналист, юрист. Ар кайсы жылдарда жарык көргөн «Жөрөлгө», «Башат», «Аргасыздык ырлары», «Аттануу», «Аламан», “Арыбагын, Күн!”, “Ак куулар”, “Манас дух”, “Адам пенде, Жер-энеге таазим эт!” ыр жыйнактарынын, «Бакдөөлөттүн жазы...» илимий- публицистикалык китебинин, бир катар пьеса, очерк, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын автору. “Манас дух” поэтикалык китеби Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу жана Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму тарабынан 2020-жылдын мыкты китеби деп табылган.
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, юридика илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолун “Советтик Кыргызстан” гезитинде кабарчылыктан баштап, учурунда Кыргызстан театр ишмерлери Союзунун драматургия бөлүмүнүн башчысы, КМУнун журналистика кафедрасынын жетекчиси, КТРдин башкы редактору - продюсери, “Кыргыз Туусу” гезитинин эки жолку башкы редактору, Чуй университетинин ректору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы, Юридика институтунун директорунун кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын доценти, Кыргыз Республикасынын Президентинин эксперт-спичрайтери болуп иштеген. 2015-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болгон.
Ага КР Президенти тарабынан жогорку квалификациялык класстагы судья квалификациялык классы ыйгарылган.
Коомдук ишмер катары Кыргызстан журналисттер союзунун төрага орун басары, Мамлекеттик тил боюнча КР Президентмне караштуу Улуттук комиссиянын мүчөсү, КР Коомдук теле-радио берүү корпорациясынын Байкоочу кенешинин, КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ("Кыргызпатент”) авторлор кеңешинин Президиумунун мүчөсү болгон. Учурда Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун Башкармасынын Президиумунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси.
Туулуп өскөн Ак-Муз айылынын, Ат-Башы районунун жана Нарын облусунун “ардактуу атуулу” ардак наамдарынын ээси.
Жедигер Саалаевдин ысымы окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 27-июнундагы чечими менен С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасына ыйгарылган. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин 2019-жылдын 7-февралындагы жана Сатыбалды Нааматов атындагы НМУнун окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы чечимдеринин негизинде Ж.Саалаевге аталган университеттердин ардактуу профессору наамы берилген.
Эл аралык коомдук Чынгыз Айтматов Академиясынын, Омор Султановдун эл аралык коомдук Поэзия Академиясынын Академиги. КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын “Ак ниет кызматы үчүн” 1- даражадагы медалынын ээси.
Материал катышуучуларга таратылган программанын негизинде даярдалды
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Нурбекова С.Н. ПиП(б)-1-20 группасынын студенттерине ачык сабак өттү
- КУУнун студентерине “Жаңы күч” көркөм фильми көрсөтүлдү
- №7-жатаканада жашаган студенттер Универсиада оюндарында
- Ала-Тоо университетинин кафедра башчысы кесиптик колледждин студенттери үчүн дарс окуду
- №5-студенттик жатаканада "Ак демилге" коомдук фонду тарабынан ооз ачуу уюштурулду.
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты
- Матфактын студенттик активи Бишкектеги №7-орто мектептин директору менен жолугушту
- № 7-жатаканада Нооруз майрамы белгиленди
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Сезим 10.09.2022 16:21
-
Аман
31.08.2022 20:34
Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...
-
Шарип кызы Сезим
12.08.2022 07:18
Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...
Студенттердин ?-лору
-
Мумина
23.03.2023 02:13
Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...
-
Акылай
05.01.2023 01:39
Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?
-
Сезим
27.10.2022 02:18
Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
-
Гулиза
13.09.2022 14:52
Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...
-
Жазгул
03.09.2022 21:15
Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...