2025-жылдын 8-июль күнү Кыргыз улуттук университетинин ректору, кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, профессор Догдурбек Чонтоев 6-окуу имаратында жайгашкан кабыл алуу комиссиясынын абитуриенттерди кабыл алууга даярдыгын текшерип, окуу түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү
Жыйындын башында Догдурбек Чонтоев 2025-2026-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну ачык деп жарыялап, түзүм жетекчилерин кабыл алуунун планы менен тааныштырды жана аны аткаруу зарыл экендигин баса белгиледи. Ректордун айтымында, быйылкы кабыл алуу кампаниясынын негизги принициби – ачык айкындуулуктун, жогорку атандааштыктын негизинде билимдүү абитуриенттерди кабыл алуу.
Контракттын өлчөмү тууралуу соцтармактарга чыккан айрым маалыматтарга жооп кылып, ректор “Контракт быйылкы окуу жылында башка жогорку окуу жайлардагыдай эле көтөрүлдү, кээ бирлери төмөн бойдон калууда. Ушуну туура маалымат берип, туура түшүндүрүңүздөр”, – деди. Ал эми кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, “Мисалы, бизде эң жогорку контракт “юриспруденция” багытында – 90 миң. Ал эми Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында 120 миң. Калган багыттар боюнча деле биздин университетте башкаларга салыштырмалуу контракттар төмөн”.
– Түшүнөм, азыр отпусканын убагы. Баарыңыздар отпускага чыгып, эс алышыңыздар керек. Бирок, жылма график түзүп, жетекчи болбосо анын орун басары болуп, кабыл алуу комиссиясынын ишине бардыгыбыз жардам берип, планды толтурууга жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз керек, – деп сөзүн улантты Догдурбек Чонтоев. – Эң негизгиси – кабыл алуу комиссиясында иштегендер коррупциядан алыс болуп, негативдүү көрүнүштөргө аралашпасын. Түшүнүктүү, баары эле онлайн болот, баары ачык көрүнүп турат. Ошентсе да, таза иштеп, коррупциялык көрүнүштөрдөн сак болуңуздар деп баарыңыздарды катуу эскертем.
Ректор о.э. өзгөчө статус алган Улуттук университет илим изилдөө багытына басым жасай баштагандыгына байланыштуу магистратурага, PhD-докторантурага кабыл алууну, өзгөчө чет элдик абитуриенттер менен иш алып барууну колго алуу керек экендигин кабыл алуу комиссиясына тапшырды. Догдурбек Чонтоев о.э. кабыл алуу комиссиясына ректорат тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүлүп, абитуриенттерге, алардын ата-энелерине жана кабыл алуу комиссиясында иштеген кызматкерлерге бардык шарттар түзүлөөрүн билдирди жана комиссиянын ишине ийгиликтерди каалады.
Жыйындын жүрүшүндө “2025/2026-окуу жылына карата окуу пландарын жаңылоо”, “Быйылкы кабыл алуу кампаниясынын өзгөчөлүктөрү” тууралуу жана башка маселелер да каралып, быйылкы жылдагы кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы Изат Усенов маалымат берди.




















