Жекшемби, Июнь 04, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 17-май күнү башкы имараттагы конференц-залда Тарых жана чөлкөм таануу институтунун ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйынды институттун директорунун м.а. Туратбек Сырдыбаев ачып, өзү жетектеген түзүм тууралуу кыскача баяндама жасап, мурдагы Тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясын түзүү боюнча сунуш киргизди жана сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ал убакыт таап жолугушууга келген бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, Улуттук университетти алдыга жылдыруу боюнча ар кандай форматтагы, ар кандай багыттагы, ар кандай мүнөздөгү сунуштар келип жатканын айтып, "Бүгүнкү жыйында айтылуучу ой-пикирлер дагы бери болгондо тарых факультетин, тарых илимин, ары болгондо Улуттук университетти өнүктүрүүгө салым кошот деп ойлойм", - деди.

Жыйындын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр тарабынан тарых жана чөлкөм таануу институтун, тарых илимин, о.э. Улуттук университеттин алдыга жылдыруу, тарых адистигинин "престижин" көтөрүү ж.б. маселелер боюнча көптөгөн ой-пикирлер айтылып, жыйындын соңунда аталган Ассоциацияны түзүү боюнча атайын демилгечи (жумушчу) топтун курамы бекитилди.

Жолугушуунун соңунда жыйындын катышуучулары институттун Музей-изилдөө борбору менен таанышып, жалпы сүрөткө түшүштү.

02

04

06

08

10

12

16

20

22

24

26

28

30

32

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

60

press knu 2023