Жекшемби, Июнь 04, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Ректор кыргыз филологиясы факультети өткөргөн илимий конференцияда мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдорду тапшырды

00

2023-жылдын 13-май күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда “Кыргыз адабияты, котормо иши жана билим берүүсү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференцияда мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдорду тапшыруу аземи болду. Иш-чараны кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, аталган конференциянын пленардык отуруму 20-апрелде чоң жыйындар залында, ал эми секциялык отурумдары жагдайга байланыштуу (эвакуация) онлайн түрүндө болуп өткөнүн, бүгүн болсо ошол конференциянын жыйынтыгы чыгарылып жатканын билдирди жана мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдорду тапшырүү үчүн сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. 

Ректор конференцияга катышкан студенттерге, алардын илимий жетекчилерине чоң ыраазычылык билдирип, эки сунуш айтты: "Биринчиси - конференцияда айтылган кошумчалар, толуктоолор жана сын-пикирлерди эске алуу менен жетекчиңер менен баяндамаңарды дагы бир жолу карап чыгып, даярдап берсеңер, биз аларды атайын жыйнак кылып чыгарып беребиз. Экинчиси - Улуттук университет жөнүндө эссе жазып берсеңер: окуу жай жөнүндө эмне ойлойсунар, эмнеси жагат, эмнеси жакпайт, кааласанар эже-агайлар жөнүндө, кызматкерлери жөнүндө. Жаңылануу үчүн силерден да пикир керек, кайдыгер болбогула". Ректордун сунуштарын жыйындын катышуучулары дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Андан кийин Төлөбек Абдырахманов “Кыргыз адабияты, котормо иши жана билим берүүсү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференцияда мыкты баяндама жасаган студенттерге жана алардын илимий жетекчилерине дипломдор менен сертификаттарды тапшырды.

Жыйындын соңунда студенттердин илимий жетекчилери чыгып сүйлөп, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери согуш жылдарына кайрылган темалар болбогондугун, башкаларга салыштырганда мыкты иш-чара өткөрүлгөндүгүн белгилеп, уюштуруучуларга жана Улуттук университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. 

02

04

06

08

10

11

12

14

15

16

17

18

20

21

22

23

24

26

27

28

29

30

31

32

33

41

42

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 591 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

     
  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары