Ишемби, Апрель 01, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

№5-жатаканада жашаган студенттер Нооруз майрамын утурлай "Сармерден" оюнун өткөрүштү

00

2023-жылдын 16-март күнү кечинде №5-жатаканада жашаган студенттер Нооруз майрамын утурлай "Сармерден" оюнун өткөрүштү. Улустун улуу күнүнө арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Винера Раимбачаева, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов жана журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк катышты. Жатаканада жашаган шайыр балдар менен кыздар бабалардан калган улуу мурасты улап Манас айтуу, ыр-бийлерди аткаруу, макал-лакап, жаңылмачтарды кайталоо, табышмак табуу боюнча жарышып жатканда, ашпозчулукка  шыгы бар студенттер ошол эле жерде сүмөлөк кайнатып, аш бышырып жатышты. 

Оюн аяктаган соң, иш-чаранын кадырлуу меймандары чыгып сүйлөшүп, студенттерге каалоо-тилектерин айтышты. Нуржигит Кадырбеков студенттердин аткаруусундагы "Сармерден" чет өлкөлөрдөн келген жылдыздардын концертинен да кызыктуу өткөнүн, Винера Раимбачаева жаштар үчүн жакшы мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын билдирсе, Төлөбек Абдырахманов Жогорку Кеңештин депутаттарына, оюндун уюштуруучуларына ыраазылык билдирип, жатаканада жашоонун эң кызыктуу күндөрү өтөөрүн, бир туугандан да жакын болгон достор табылаарын айтып, студенттерге ынтымакта жашоону, билим алуу менен бирге башка мүмкүнчүлүктөрдү да ачып, бөөдө кырсыктан алыс, ден-соолукта болуп, ата-энелердин, Кыргызстандын үмүтүн актаган жакшы студент болуп, келечекте жакшы инсан болуп чыгууну каалады.

Концерттик программадан кийин жатакананын жетекчилери менен студенттер келген меймандарды даам ооз тийип кетүүгө чакырышты.

01

02

06

08

10

12

14

16

18

20

24

26

22

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 447 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары