Ишемби, Апрель 01, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда белгилүү фольклорчу-этнограф Кайыпов Сулайман Турдуевичтин 70 жылдыгы белгиленди (толукталды)

02023-жылдын 14-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында белгилүү фольклорчу-этнограф, этнолог, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы жана Сократ атындагы зл аралык сыйлыктын лауреаты, Европа ректорлор клубунун мүчесү Кайыпов Сулайман Турдуевичтин 70 жашка толушуна арналган "Даанышман" аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, С.Т.Кайыповдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу видеоролик көрсөтүлгөн соң, сөз кезеги КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берилди. 

Ректор убакыт жана мүмкүнчүлүк таап, жыйынга келген меймандарга жана конференциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Улуттук университет өзгөчө статус алган 5 университеттин катарына киргенин, ар бир университет өзүнүн өнүгүү багытын тандап, ошол багытта иш алып барып жаткандыгын белгиледи.

- Улуттук университет - гуманитардык-социалдык багыттагы университет болгондуктан, жамаат менен кеңешип, 5 жылдык стратегиялык өнүгүү планын кабыл алдык, - деп сөзүн улантты Төлөбек Абдырахманов. - Ал план боюнча биздин университет улуттун жүзү, улуттун үлгүсү болчу улуттук кадрларды даярдай турган, улуттук чоң доолборлорду ишке ашыра турган университет болот. Бул өңүттөн алганда, "улуттук нарк-насил, дөөлөт, идеология, саясат" деген дагы биздин университетке жүктөлүш керек, биздин университет ушунун үстүнөн иштеш керек деген ишенимдебиз.

Сулайман Турдуевичти баарыбыз тең билебиз. Биринчиден - кыргыз элине аттын кашкасындай болгон чоң окумуштуу, экинчиден - сѳзмѳр, залкар, эң ѳзгѳчө баалап кете турган нерсе - адамкерчилиги абдан жогору, азыркы кыргыз интелигенциясынын катарында өзөчө бөлүнүп турган инсан, кыргыздын феномени деп айтсак болот. Мен ушул инсандын 70 жылдыгын Улуттук университетте белгилеп атканыбызга сыймыктанам. Ѳзгѳчѳ, бул жерде катышып отурган жаштар - студенттер, магистранттар, аспиранттар - бүгүнкү чогулуштан чоң дем, күч, таасир алып, бийик максаттарга умтулат деп ойлойм. Анткени, бул жерде эмне деген залкар адамдар отурат. Бир кезде алар дагы силердей мотурайган жаштар болгон. Анан, Улуттук университетти бүтүргөндөн кийин, илимдин дагы, билимдин дагы, адамкерчиликтин дагы, мекенчилдиктин дагы туу чокусуна чыгып отурушат. Келечекте силер дагы ушул  кишилердей болуп, чоң залкар инсан болосунар деп ойлойм. Бүгүнкү чогулуштан жакшы таасир алып, келечекти көздөй талпынгыла, бийиктиктерге учкула! Сулайман Турдуевич, тоюңуз тойго улансын, Кудай Таала сизге чың ден-соолук, аманчылык берсин, анан илим жаатындагы, билим жаатындагы, мекенчилдик жаатындагы сапарыныз мындан ары да ушул бойдон улана берсин!

Андан кийин трибунага чыккан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жыйындын катышуучуларын "Даанышман" конференциясы  менен куттуктап, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Бүгүн чыныгы даанышманды даңазалап жатабыз 70ке чыкты деп. Бир даанышман небереси менен ат бастырып кела жатса, алдынан бир кичинекей кемпир малдарын айдап чыгып, топозду карап алып эле жалынып атыптыр: "Садагаң кетейин Төрөм,  ананып кетейин Төрөм", - деп. Анан, улам аны чөптүү жакка жайып коёт экен. Анда небереси даанышмандан "Эмнеге эле топозду Төрөм деп атат?", - десе, "Аа балам, аны өзүнөн барып сурачы", - дептир даанышман.

Бала "Чоң эне, чоң эне, топозду эмне эле Төрөм деп жатасыз?", - десе, "Балам, топоздо тѳѳнүн ѳркѳчү бар, жылкынын жал-куйругу бар, уйдун сүтү бар, койдун  жүнү бар, ѳгүздүн күчү бар. Тѳрт түлүктүн Төрѳсү ушул, музоосун үйүнѳн алыс калтырбайт", - дептир кемпир. Анын сыңарындай, Сукем илим дүйнѳсүндѳ Тѳрѳ окумуштуу!

Дагы бир даанышман небереси менен бастырып баратса, дагы бир байбиче суу жылжып, жайылып аккан жерге келип, ийиктин учу менен арык салып, дагы бир учу менен аны чукуп, сууну боркулдатып, чогултуп аткан экен. Бала "Ата, ата, бул апабыз эмне ойноп жатат, жер чийип", - десе, даанышман "Балам, ѳзүң барып сура, менден эле сурай бересиңби", - дептир. 

Бала "Эне, эне, эмнени ойноп атасын чийип?", - десе, кемпир "Балам, мен булактын кѳзүн ачып атам. Булактын кѳзүн ачуу - келиндин миң жүгүнгѳнүнѳ барабар, миң кишиге нан ооз тийгизгенге барабар! Сен дагы булактын кѳзүн ачып жүр", - дейт экен. Анын сыңарындай, Сукем булактын кѳзүн ачкандай бир топ илимпоздордун кѳзүн ачып, жетелеп, илим дүйнѳсүнѳ таштан жол салдырып чыгарып койду. Бул жагыңыз да чоң даанышмандык!

Суке кийнки кездерде нарк маселесине аябай токтолуп жүрѳт. Нарк маселесин даңазалап, бүгүнкү саясатты кош колдоп колдоп, "Мындан ары идеология кайда деп сурап жүрө беребизби же кантип эл катары жоголуп кетпей, житип кетпей ушул жерге жетип келдик? Эмне деген ой, эмне деген нарк бизди бириктирип келди? Эмнеге биз тутумдашып келдик?" деген сууроолорго жооп берип жүрѳт.

Даанышман бир топ кыргыздын баатырлары менен бозүйдө сүйлөшүп отурса, бир баатыр "Аксакал, быйыл жылкы тийдик,  быйыл жоону чаптык, ашууну аштык, мындай жазаладык", - деп, ѳкүм, курч сѳздѳрдү айтып жатат дейт. Анан, бозүйго боюнда бар бир келин кирип, баарына кымыз куюп бере баштайт. Бир кезде келиндин ордунан козголоюн деп, жер таянганын байкап калган даанышман "Эй жигиттер, токтоткула! Курсактагы баланын кулагы ачылып калган экен, жакшы сѳздѳрдү, шайыр сѳздѳрдү сүйлѳгүлѳ" дейт. "Жарыктык, аны кантип биле койдуңуз" десе, "Кыргыз наркында, кыргыз салтында кыргыздын даанышмандары кирип келген келин-кыздын кебетесинен, маңдайынан, козголгонунан, отурганынан эле билип койот балам. Мына, төрт ай, беш ай болуп, алты айга жакындап калганда курсактагы баланын кулагы ачылат, курсакта жатып уга баштайт. Ошон үчүн балам, сѳздү оңдогула" деп айтат экен даанышман Анын сыңарындай, даанышман агайыбыз ушундай наркты элге жарыя кылып, айтып жүрѳт. Жеген, ичкен тамактан бери илим кылып жазып жүрөт.

Агайыбыз Памир кыргыздарын кыдырып, алар менен чогуу жүрүп, алардын жеген, ичкен тамагын, ырыскысын, кешигин - баарын кѳрүп келди. Аны да илимге айлантып, кагазга түшүрүп, кѳптѳгѳн окуучуларга, илимпоздорго, кесиптештерине билдирди. Агайыбыз Кытай кыргыздары менен чогуу жашап, чогуу жүрүп, алардын тилинде сүйлѳп, чогуу нан ооз тийип, чай ичип, алардын жүрүм-турумдары, этнографиялык, фольклордук ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу эмгектерди жаратып, ошон үчүн 2 илим боюнча илимий эмгектерди жактап отурат.

Сулайман агайдын андан сырткары комузчулук, ырчылык, анда-санда тѳкмѳлүк өнөрү да бар. Агай, сиз биз үчүн коомубузда, журтубузда айтканы давадай, сѳздѳрү батадай болгон калдайган караан адамсыз, жѳлѳк адамсыз. Илимий эмгегиңиз мындан ары да күчѳй берсин! Кѳп жашап бериңиз! Чачыңызды апакай кылып артка тарап алып, калк аралап, ак калпак, чапандарды кийип, урмат сыйга бѳлѳнүңүз! Сѳзүңүз ушул жерде олтурган студенттерге, кесиптештериңизге түрткү болсун! Дагы бир жолу мен сизди юбилейиңиз менен  куттуктап, сиз менен айрым учурда табакташ болгонго, көп учурда замандаш болгонго, сиз менен учурашып, "Сулайман агай!" деп койгонго курсант болуп жүрөм. Катарыбыздын астында болуп жүрө бериңиз. Ишиңизде ийгиликтер болсун!

Сулайман Кайыпов агайды 70 жылдык мааракеси менен о.э. Эге университетинин түрк дүйнөсүн изилдөө борборунун негиздөөчү директору, профессор Фикрет Түркмөн (видео), Улуттук илимдер академиясынын коомдук илимдер 6өлүмүнун башчысы, ф.и.д., профессор, академик Абдылдажан Акматалиев, Анкарадагы Хажеттепе университетинин этнология бөлүмүнүн башчысы, профессор Өзкул Чобаноглу (видео), Улуттук илимдер академиясынын А.Алтымышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун директору, филос. и. д., профессор Нур СаралаевАнкарадагы Гази университетинин түрк тилин үйрөтүү борборунун директору, профессор Назир Темүр (видео), Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, профессор Абдиламит Матисаков, Ахи Эврен университетинин түрк тили жана адабияты бөлүмүнүн башчысы, профессор Алахаддин Бекки (видео), тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев, Чанкыры университетинин теология факультетинин деканы, Түркия институтунун директору, профессор Абдулселем Арвас (видео) куттукташты.

Сузак районундагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Бөбөшев, аталган айыл өкмөтүндөгү Таштан Кайыпов атындагы орто мектептин директору, жергиликтүү кеңештин депутаты Заркөкүл Жолдошева да маараке ээсине куттуктоо сөздөрүн айтып, "Ардактуу атуул" төш белгисин, ал эми Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары Исламбек Мойдинов энчилүү саат тапшырды.

Конференциянын андан аркы бөлүгүндө ф. и. д., профессор, УИАнын академиги Осмонакун Ибраимов "Сулайман Кайыпов окумуштуу, коомдук ишмер жана инсан", т. и.д, профессор Тынчтыкбек Чоротегин ""Сулайман Кайыповдун Ооган кыргыздарынын фольклорун жана этнографиясын ар тараптуу изилдөөгө кошкон баа жеткис салымы", ф.и.д., профессор Садык Алахан "Сулайман Кайыповдун эмгектери - улуттук фольклор таануу илиминин жаңы бийиктиги", т. и. к., профессор Кыяс Молдокасымов "Профессор Сулайман Кайыповдун илимдеги жана коомдогу даанышмандык жолу" деген баяндамаларды жасашты. 

Жыйындын соңунда маараке ээси Кайыпов Сулайман Турдуевич өзү чыгып сүйлөп, конференцияга келген, куттуктоо сөздөрүн айткан жана баяндама жасаган кесиптештерине ыраазычылыган билдирди.

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 405 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары