Ишемби, Апрель 01, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Майрамыңыздар менен, урматтуу Улуттук университеттин асылзат айымдары!

002023-жылдын 7-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Аялдардын эл аралык күнүнө карата ректорат, кесиптик бирлик комитети  жана журналистика факультети тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Жыйын башталаар алдында экинчи кабаттын фойесинде Кыргыз улуттук консерваториясынын эл аспаптар ансамбли белгилүү ыр-күүлөрдү аткарып, майрамдык маанай тартуулап турду. Тарых факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Келдибек Касымкулов баштаган КУУнун таланттуу жаштары аткарылып жаткан чыгармаларга үн коштоп, кесипкөй музыканттардан калышпай шаңдуу  ырдап, майрамдык маанайды андан бетер көтөрүштү. Алардын аткаруусундагы "Бишкегим" деген ыр чогулгандардын дүркүрөгөн кол чабуусуна татып, 2-3 жолу аткарылды. Ал эми салтанаттуу иш-чарага келген айымдарды КУУнун мырзалары жылуу тосуп алып, гүл тартуулап, залга коштоп киргизип жатышты.

Майрамдык иш чара Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиин ансамблинин аткаруусундагы ыр-күүлөр менен башталып, ага улай КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин айымдарын 8-март майрамы менен куттуктады.

Ректор өз сөзүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атын чыгарган, даңкын чыгарган, "Улуттук университет" деген атты бардык жерде ар-намыс менен алып жүргөн асылзат айымдарды ректораттын атынан, университеттин эркектер жамаатынын атынан 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен кызуу куттуктап, администрация менен профессордук-окутуучулук курамдагы айымдар Улуттук университетте чоң күч болуп, жакшы кызмат өтөп жаткандыгын өзгөчө белгиледи.

- Университетти университет кылып, студенттерге энелик мээримин төгүп, коллективде жылуу мамиле жаратып, окуу жайдагы жаратмандык иштерге баш-оту менен кирип, шымаланып иштеп жаткан сиздерге чоң ыраазычылык билдиргим келет. Силерсиз университетти элестетүү өтө кыйын. Силер менен иштеп атып, университетте чала иштеш, кайдыгер болуш мүмкүн эмес. Жаныбызда силер жүргөндө намыстуулук пайда болуп, мындан да жакшы иштерди жасаганга, оор жүгүңөрдү жеңилдеткенге, ыңгайлуу шарт түзүп бергенге аракет кылабыз, - деп сөзүн улантты ректор. - Баарыңарга Кудай Таала ден-соолук берсин, бала-бакыра, небере-чөбөрө, тууган-туушкан менен ылайым тынччылыкта, барчылыкта, ынтымактуулукта болгула. Кудай Таала силерди жаман сөз, жаман көздөн сактасын. Университетке жакшы көңүл, жакшы нээт, жакшы маанай менен келип-кетип жүргүлө! 

Куттуктоо сөзүнөн кийин Төлөбек Абдырахманов "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин этика кодексинин бузулуусуна жол бербей, окуу жайдын жамаатында жагымдуу моралдык-адептик климатты кanыптандыруу жана камсыз кылуу процесстерине кошкон жеке сanымы  үчүн" жана 8-март - Аялдардын эл арanык кунуне карата педагогика илимдеринин доктору, профессор, социалдык гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектеп педагогикасы кафедрасынын башчысы Асипова Нурбубу Асаналиевнаны; химия илимдеринин кандидаты, химия жана химиялык технологиялар факультетинин органикалык эмес химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти Дубанаева Катира Джумабековнаны; филология илимдеринин кандидаты, доцент, чет тилдер факультетинин англис тили, котормо жана котормо таануу кафедрасынын башчысы Шаршенова Равшан Малаевнаны; экономика илимдеринин кандидаты, экономика факультетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын доценти Сариева Шайкүл Каптагаевнаны; адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү белумунүн адам ресурстары секторунун башчысы Курамаева Нургүл Темирбаевнаны жана филология илимдеринин кандидаты, доцент, чет тилдер факультетинин француз тили кафедрасынын башчысы, профессор Акчекеева Мария Султановнаны  Улуттук университеттин Ардак грамотасы  менен сыйлады.

Университеттин көркү болгон аялзатын майрамы менен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков да куттуктап, "Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн" экономика илимдеринин доктору, экономика факультетинин финансы кафедрасынын доценти, текшерүү комиссиясынын мүчөсү Макеева Светлана Болотовнага; педагогика илимдерынин кандидаты, доцент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы, текшерүү коммисиясынын мүчөсү Базакеева Кундузгүп Жаманчаевнага жана КУУнун башкы эсепчисинин орун басары, кесиптик бирлик комитетинин текшерүү коммиссиясынын мүчөсү Насырова Орозгүп Жапаровнага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак Грамотасын, ал эми журналистика факультетинин деканы, доцент Костюк Ширин Аалиевнага, математика жана информатика факультетинин математикалык анализ кафедрасынын ага окутуучусу Асанкупова Айпери Сатылгановнага жана социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин доценти Кошбакова Батма Муктаровнага "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы" төш белгисин тапшырды. 

Салтанаттуу иш чара К.Молдобосанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка жана эл аспаптар ансамбли менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиин ансамблинин аткаруусундагы жагымдуу ыр-күүлөрдүн коштоосунда өттү. 

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

66

68

70

72

74

76

78

80

press knu 2023

 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 399 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары