Шейшемби, Январь 31, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

КУУда QS жана Scopus/Web of Sсince системалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү

0

2023-жылдын 19-январь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, Өкмөттүн чечими боюнча Улуттук университет жакынкы 3 жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги авторитеттүү QS рейтинг системасы боюнча Орто Азия мейкиндигиндеги белгилүү жогорку окуу жайлардын катарына кириши керек экендигин белгиледи жана учурда аталган рейтингге кирген Кыргыз-Түрк Манас университетинин тажрыйбасы менен таанышууну сунуштап, ал окуу жайдан келген кызматкерлерди тааныштырды.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Рита Исмаилова "Кыргыз-Түрк Манас Университетинин QS тажрыйбасы" деген темада баяндама жасап, жалпы эле рейтингдин, анын ичинен QS рейтингинин түрлөрү, QS рейтингин чыгаруу ыкмасы, Манас университетинин QS тажрыйбасы тууралуу айтып, азыркы учурда QS системасынын Азия рейтингине Борбордук Азиядан жалпысынан 43, анын ичинде Казакстандан 32, Кыргызстандан 2, Өзбекстандан 8 жана Тажикстандан 1 университет кирээрин билдирди. Баяндамачынын айтымында, рейтингди аныктоо 11 көрсөткүчтү өлчөө жолу менен  жүргүзүлүп, анын 50 пайызын окуу жайдын академиялык аброю менен иш берүүчүлөрдүн арасындагы аброю түзөт. 

"QS рейтингинде илимий басылмалардын орду" тууралуу баяндама жасаган китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын башчысы Максатбек  Ынакбеков QS рейтингине катыша турган окуу жайдын Скопуста профили болууга тийиш экендигин, анткени QS системасы илимий басылмалар туралуу маалыматты Скопустан алаарын, 2023-жылы чыга турган 2024-рейтинг үчүн 2017-2021-жылдар ичиндеги илимий басылмалардын саны жана 2017-2022- жылдар ичиндеги шилтемелердин саны алынаарын айтып, Улуттук университеттин Скопустагы жана Web of Science-теги профилдерин оңдоп, тартипке келтирүү зарыл экендигин белгиледи. Анткени, аталган платформаларда жарыялануучу макалаларда окуу жайдын аталышы, дареги англисче, орусча, кыргызча бирдей болуш керек. Азыр ар түрдүү аталыштар кездешет. Мисалы: "Jusup Balasagyn Kyrgyz National University", "Kyrgyz National University named after J. Balasagyn", "Kyrgyz National University named after Jusup Balasagyn", "Kyrgyz National University Balasagyn" ж.б.у.с. Сөзүнүн соңунда Максатбек Ынакбеков Скопус жа Web оf Science-ке кирген журналдарга илимий макала жазуу жана жарыялоо боюнча сунуштарын айтып, тема боюнча пайдалуу шилтемелердин тизмесин берди.
 
Баяндамалар катышуучулардын кызыгуусун жаратып, көптөгөн суроо-жооптор менен коштолду.
02
04
06
08
10
12
14
16
18
20
22
24
26
28
30
32
34
36
38
40
42
44
press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 660 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

     
  • Магистратура 04.08.2022 11:25
    Юриспруденция боюнча магистрга тапшырайын дегем. Сайттан маалымат таппадым.

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Жазгул 05.09.2022 23:06
    Саламатсызбы!Ме н 2009ж окууга тапшургам ,Факультет Государственное и муниципальное управление.2014 жылы ...

    Толугу менен...

     
  • Сезим 02.09.2022 21:55
    Здравствуйте когда можно будет подойти восстановить учебу . Какие документы нужны для этого?!

    Толугу менен...

     
  • Насип 09.08.2022 20:28
    Саламатсызбы?Ма гистратура тапшырайын дегем, озум кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктагам ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

     
  • Гулзира 22.07.2022 12:08
    Мен Қазақстанның тургунымын. КУУ нин бутургом, диплому уйөмүз өртөнгөде өртенип кетти кайра ...

    Толугу менен...

     
  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары