Шейшемби, Январь 31, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда “Тилдерди Z муунга окутуунун технологиялары” аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү (толукталды)

2023-жылдын 11,12-январь күндөрү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Тилдерди Z муунга окутуунун технологиялары” аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн Улуттук университеттин мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган иш-чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, катышуучуларга ректордун куттуктоосун айтты жана мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү - баарыбыздын милдетибиз экендигин белгиледи. Анын айтымында, салтка айланып калган иш-чарага мурунку жылдары келген окутуучулардын 15-20 пайызынын катышып отурушу - семинар-тренингдин пайдалуу экендигинин белгиси. - Жандуу алакалашуу болсун үчүн каалаган суроолорду бериңиздер, - деп сөзүн жыйынтыктады Садык Алахан. 

Семинардын күн тартибиндеги биринчи лекцияны Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, психология илимдеринин кандидаты, доцент Тууганбай Коңурбаев окуп, "Кыргыз элинин улуттук мурастары, алардын урпактардын нарктуулуктарын калыптандыруудагы ролу" тууралуу айтып берди.

КУУнун педагогика факультетинин ага окутуучусу Асылгүл Жуматаева "Текст предмет менен тилди интеграциялап окутууда кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн негиз катары" аттуу лекция өтүп, сабакты көптөгөн практикалык тапшырмалар менен айкалыштырды.

Түшкү тыныгуудан кийин КУУнун профессору Курманбек Абакиров "Кесиптик билим берүүдө ’’Манас” эпосундагы тексттерди пайдалануу", ал эми маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин ага окутуучусу Шайлоо Карагулов "Электрондук билим берүү ресурстары" (1-бөлүк + 2-бөлүк) тууралуу лекция өтүштү.

Семинар-тренинг 12-январда улантылып, төмөндөгү лекциялар окулуп, семинарлар өткөрүлдү:

  • Элнура Калдыбаева - “Ала Too” эл аралык университети: "Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда виртуалдык китепкананын ролу"
  • Нурзат Усупова - “Ала Too” эл аралык университети: "Окутуудагы активдүү методдор" (248-кичи жыйындар залында, англис тилинде)
  • Айкерим Сагынбекова - “Ала Too” эл аралык университети: "Заманбап окутуу ыкмалары" (долбоордук окутуу)

Семинар-тренингдин жүрүшүндө мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан лекторлорго ректораттын ыраазычылык катын, ал эми катышуучуларга тиешелүү тастыктамаларды тапшырды.

11-январь

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

21

22

23

24

26

27

28

30

31

32

33

34

35

36

37

38

39

40

41

42

43

44

45

46

48

49

50

51

52

55

* * *

60

61

62

63

64

65

66

67

68

69

70

12-январь

02

04

06

07

08

10

11

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

31

32

33

34

35

40

41

42

43

44

45

46

50

51

52

53

54

55

56

57

58

59

60

61

62

63

press knu 2023