Бейшемби, Февраль 09, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУнун тарыхчылары Улуттук тарых музейиндеги «Ормон хан жана анын көчмөн мамлекети” аттуу конференцияга катышты

00

2022-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден 19-кылымдын соңуна чейинки тарыхы бөлүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Ормон хан жана анын көчмөн мамлекети” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Жыйынга тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев баш болгон факультеттин студенттери менен професоордук-окутуучулук курамы катышып, төмөндөгү баяндамалар менен чыгып сүйлөштү:

  • Жакыпбеков Жаныбек - профессор, т.и.д.: "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхнаамасынын өнүгүүсүнүн негизги багыттары"
  • Бедельбаев Аскар - профессор, т.и.к.: "Ормон хандын кыргыз тарыхындагы ээлеген орду"
  • Жолдошов Рыскул.- т.и.к., доцент: "Ормон хан жана анын мамлекети"
  • Асанов Темир - кафедра башчысы, т.и.к.: "Ормон хандын бийлигинин географиялык ареалы".

Конференция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №473-р жана №123-р. тескемелерине ылайык өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө окумуштуулар Ормон хандын саясий ишмердигин, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө багытталган иш-аракеттерин, ошол мезгилдеги Кыргызстандын жана чектеш өлкөлөрдүн тарыхын изилдөөгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Конференцияга мамлекеттик, коомдук ишмерлер, Кыргызстандын илимий мекемелери менен жогорку окуу жайларынан чакырылган окумуштуулар өзүлөрүнүн баалуу ой пикирлерин айтып, илимий жаңылыктарын ортого салышты.

Ормон хан Ниязбек уулу ⅩⅠⅩ кылымдын ортосундагы Кыргызстандын саясий тарыхына катышкан белгилүү инсандардын бири. Ал Кокон жана Бухара ортосундагы өз-ара согуштун натыйжасында кыргыздардын өз алдынчалыгына жетүүгө аракеттенип, көчмөн кыргыз мамлекетин түптөөгө негиз салган. Бирок, кыргыздардын өз алдынчалыгына кошуна мамлекеттер, өзгөчө Орус империясы каршы болуп, басып алууга аракеттенген. Жаңы түптөлгөн Кыргыз хандыгына багытталган казак султаны Кенесары Касымовдун жортуулуна жана орус баскынчылыгына каршы күрөшкөн. Кокон хандыгы дагы көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө каршы болгон. Ормон хан сырткы саясат менен бирге кыргыздардын ички биримдигин бекемдөөгө аракеттенген.

02

04

10

08

14

16

Шейшенов А.Т.Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын лаборанты 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 521 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары