Бейшемби, Декабрь 01, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Министрликтин бөлүм башчысы КУУнун окумуштууларына илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү

2022-жылдын 24-ноябрында ректораттын жыйындар залында илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме болуп, иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, проректорлор, декандар жана кафедра башчылары катышты. Жыйынды ачып жатып, ректор илим менен өндүрүштүн байланышы - учурдун талабы экендигин белгилеп, катышуучулардан министрликтин бөлүм башчысынын баяндамасын кунт коюп угууну суранды. Ал о.э. Жылдызбек Жакшылыков менен жолугушуунун уюштургандыгы үчүн илимий иштер боюнча Назаркул Ишекеевге ыраазычылык билдирди.

Министрликтин бөлүм башчысы Жылдызбек Жакшылыков "бир жерде ушунча жетекчинин чогулушу - абдан кубанычтуу окуя, жакшы көрүнүш" экендигин белгилеп, андан ары министрликтин илим жаатындагы саясаты кандай экендигине токтолду.

- "Илим менен алектенүү - ийне менен кудук казгандай" деген стереотип бар. Бирок, казат десе эле, акыр аягына чейин, өмүр өткөнчө каза берүүнүн кажети жок. Натыйжаны эртерээк деле алса болот. Илим - бул эл менен коомдун алдындагы шам чырак. Ошондуктан, илим адегенде инновацияга, андан кийин стартапка айланып, элге пайдасы тийиш керек.

Азыр бизге көптөгөн стартап-проекттер түшүп жатат, бирок алардын илимий негиздөөсү начар. Ошондуктан ар бир стартапта бирден илимдин доктору, профессор болуш керек. Азыр жок. Жакында "Стартаптардын таймашын" өткөргөнү жатабыз. Силер да катышкыла. Окумуштуулар проекттерге "тиешеси бар үчүн эмес, илимий көз карашы болгондугу үчүн" катышып, "муну изилдеп жатам" дебей, "ушундай натыйжаларга жетиштим" деген сөздү айтышы керек!

Андан ары ал КУУнун окумуштууларына "Илим - Инновация - Стартап" боюнча гуманитардык жана техникалык багыттагы бир нече мисалдарды келтирип, илимий идеялар менен табылгаларды теориядан практикага ишке ашыруунун жолдорун кенен-кесир айтып берди.

- Кыргызстанда окумуштуулардын саны боюнча Улутттук университет менен теңеле турган жогорку окуу жайы жок. Ошондуктан, илим-изилдөө иштерин алдыга жылдыруу боюнча биз силерге кайрылып жатабыз, урматтуу КУУнун окумуштуулары. Анткени, силердин университеттин аталышында "Кыргыз" жана "Улуттук" деген сөздөр бар, - деп сөзүн жыйынтыктады Жылдызбек Жакшылыков.

Жыйындын соңунда ректор министрликтин бөлүм башчысына убакыт таап, кеңешмеге келип, баяндама жасап бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

02

04

06

08

10

12

14

16

press knu 2022