Бейшемби, Декабрь 01, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Көрүнүктүү окумуштуулар А.Жапаров менен К.Дыйкановдун 100 жылдыгы белгиленди

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университетте Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленди

0

2022-жылдын 16-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург жана котормочу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдыгына арналган “Жалил Садыков - улуттун уңгулуу калемгери” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана жаштар иштери боюнча проректор Садык Алахан ачып, келген конокторду тааныштырды жана сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ал бүгүнкү иш чаранын уюштуруучуларына жана убакыт таап, келип берген конокторго ректораттын атынан чоң ыраазычылык билдирип, башка форматта, башка масштабда өтүүчү иш чаралар Жалил Садыков өзү бүтүрүп кеткен Улуттук университетте башталып жатканы символикалуу экенин белгиледи.

- Жалил Садыков агайдай болгон дөө-шаалар Улуттук университетте окуп, илимий чөйрөдө дагы, адабий чөйрөдө дагы, маданият чөйрөсүндө дагы чоң ийгиликтерге жетишип, окуу жайдын атак-даңкын көтөргөн кишилер. Жыйында катышып отурган студенттер, магистранттар жана жаш окутуучулар бүгүнкү айтыла турган сөздөрдөн, ой-пикирлерден өзүнчө бир күч-кубат, эргүү алышат деп ойлойм. Агайлардын жакшы, кызыктуу эскерүүлөрүн, студенттердин ыр саптарын, сахнадагы аткарууларын күтөбүз.

Сөзүнүн соңунда Төлөбек Абдырахманов кыргыз филологиясы факультетинин студенттеринин адабий көркөм чыгармачылыктагы жетишкендиктери үчүн Жалил Садыков атындагы ректордун сыйлыгын белгилеп, Окумуштуулар кеңешинин чечими менен университеттин сыйлыктар боюнча реестрине киргизүүнү сунуштады.

Жыйындын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн о.э. ТҮРКСОЙдун башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев (видео аркылуу), Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакиров; Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүрканов, драматург, Ж.Садыковдун шакирти Бурул Калчабаева жана КУУнун профессору Жыргал Момбекова айтышты.

Конференциянын темасы боюнча Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, культурология илиминин кандидаты Жаныш Кулмамбетов “Жалил Садыков - драматург: сүрөткерлик жана дүйнөтаанымыньн эволюциясы”, ф.и,д.,профессор Курманбек Абакиров “Манас” эпосунун Ж.Садыков тарабынан көркөм интерпретацияланышы" деген баяндамаларды жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө “Жаш толкундар” адабий ийриминин мүчөлөрү Жалил Садыковдун ырларынан көркөм окуп беришти.

Конференциянын соңунда Жалил Садыковдун өмүрлүк жубайы Сабира эже жана уулу Канат Садыков чыгып сүйлөшүп, уюштуруучуларга жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдиришти.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

25

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1358 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары