Бейшемби, Декабрь 01, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Көрүнүктүү окумуштуулар А.Жапаров менен К.Дыйкановдун 100 жылдыгы белгиленди

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Математика жана информатика факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

00

2022-жылдын 23-сентябрында математика жана информатика факультетинде факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары Т.Чыманова, М.Думанаева жана Г.Элтузеровалар  тарабынан келечек муундун ээлери студенттерге эне тили, мекени үчүн жан берүүгө үндөгөн, мекенчилдик сезимдерин козгоп, жарандык милдет, атуулдук парзды бекемдөө максатында уюштурулган “Тилибиз - биздин дилибиз” аттуу адабий кече болуп, иш чарага 1-курс студенттери активдүү катышты. Алар "Манас", "Курманбек" дастандарынан үзүндүлөрдү айтышып, эне тили, мекен темасындагы көркөм ырлар окушуп, мекенчилдикти даңазалаган маанай тартуулашты.

Ооба, ар бир кыргыз жаранына эне тили, киндик каны тамган жери эне сүтүндөй табылгыс, кол жеткис ыйык. Ага бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар анык далил боло алат. Бул милдетти ар бир кыргыз жараны көөдөнүнө кыт уюгундай уютуп, сактап, муундан-муунга өткөрүп берүүсүндө эне тилинин,  көөнөрбөс дилинин салымы зор экени талашсыз.

Кошумчалай кетчү жагдай, М.Самыйкожонун "Бирик кыргыз" аттуу ырынын негизинде даярдалган презентация студенттерге өзгөчө дем-күч берип, шыктандырды:

Киришсе ким да болсо чеп тургузат,

Чеп-ылай, каптап кирсе душман бузат.

Балдарың баары ушундай өсүп турса,

Багынтып бул жүрөктү ким коркутат?!

Иш чара уккан ырлардан, көрсөтүлгөн слайддардан таасир алып, эне тилибизде таза сүйлөп, кам көрүү, мекенибизди көздүн карегиндей сактоодо чептен да эр жигиттердин күчү, намысы бекемдигин, эли-журтту коргоо -ар бирибиздин милдетибиз экенин туябыз, унутпайбыз деген дем менен жыйынтыкталды.

02

06

08

10

12

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1336 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары