Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин кабыл алды

2022-жылдын 23-сентябрь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шадурды Мередов мырзаны кабыл алды. Эл аралык кызматташтык бөлүмү тарабынан уюштурулган жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү түркмөн акыны, философу жана түркмөн адабиятынын классиги Махтумкулинин 2024-жылда белгиленүүчү 300 жылдыгына карата анын чыгармаларын кыргыз тилине которуу жана Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 30 жылдыгына карата илимий конференция өткөрүү маселелери талкууланды.

Ректор Махтумкулинин чыгармаларын түп нускага максималдуу жакын, "ырларынын тузу сезиле тургандай" кылып кыргыз тилине которуу өтө маанилүү экендигин белгилеп, аталган датага карата негизги темасы акындын чыгармаларын филологиялык, философиялык жана тарыхый көз карашта изилдөөлөргө арналган түркөлогиялык форум өткөрүү демилгесин көтөрдү. 

Түркмөнстандын Элчиси Махтумкули Фрагинин чыгармаларынын кыргызчага которуу - эки элдин ортосундагы достук мамилелерди орнотууга көпүрө болуп берээрин белгилеп, Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 30 жылдыгына карата илимий конференция өткөрүү убактысын дипломатиялык каналдар аркылуу тактап, макулдашкандан кийин айтаарын билдирди.

Жолугушууга о.э. Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчилигинин атташеси Гульшат Сапарова, Дүйнөлүк саясат институтунун директору Шерадил Бактыгулов жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги Бакыт Келдибеков катышты.

02

04

06

07

08

10

12

14

16

press knu 2022