Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда "Озон катмарын коргойбуз” аттуу тегерек стол болуп өттү

2022-жылдын 22-сентябрында 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада Озон катмарын сактоонун эл аралык күнүнө карата электроника жана наноэлектроника кафедрасы тарабынан уюштурулган "Озон катмарын коргойбуз” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш чарага КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Жылдызбек Жакшылыков, проректорлор, физика жана электроника факультетинин окутуучулары менен студенттери катышты. Жыйында Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөп, ректорат мындан ары билим берүү менен бирге илимий иштерге, илим менен өндүрүштүн байланышына өзгөчө көңүл буруп, факультеттердин рейтингин аныктоодо ал жерде жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр эске алынаарын белгиледи.

Министрликтин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков дүйнө жүзү боюнча экологияга бөлүнгөн каражат азыркы мезгилде $1 трлн. түзөөрүн, ал суммадан үлүш алуу үчүн жакшы проект иштеп чыгыш керектигин, адатта 1000 проекттин 10 чактысы гана утаарын айтып, озон катмарын коргоо боюнча реалдуу проекттерге министрлик колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Андан ары ал илим өзүн-өзү акташ керек экендигин белгилеп, ар бир университетке анын дүйнөдөгү индексине жараша каражат бөлүнөөрүн билдирди. Сөзүнүн соңунда Жылдызбек Жакшылыков КУУнун жамаатына "тажабаган сабырдуулук, илимий ийгиликтерди" каалап, Улуттук университет башка университеттерге үлгү боло турган, флагман университет болооруна тилектеш экендигин билдирди.

Куттуктоолордон кийин электроника жана наноэлектроника кафедрасынын башчысы Шаршенбек Жусупкелдиев "1980-2022 жылдарда Борбордук Азиядагы озон катмарынын абалы" деген темада баяндама жасап, университеттин Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан "Ысык-Көл" илимий станциясында аталган багытта жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр жана аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Ушул эле кафедранын доценти Сагынтай Кадышев физика жана электроника факультетинин мурдагы деканы, аталган кафедраны 25 жыл жетектеп, Ысык-Көлдөгү илимий станцияны түзүүгө зор салым кошкон профессор Лев Аронович Спекторов тууралуу баяндама жасады.

Баяндамаларды талкуулоого математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен Бакиров Калыс жана Ысык-Көлдөгү илимий станциянын инженери Чынара Сыдыкова катышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

press knu 2022