Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу конференция болуп өттү

Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

"Баласагын ТВ" студиясы Ректорлордун дүйнөлүк форумунан билдирет ... (14.09.2022)

00

Бүткүл Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы төрагасы Дарен Танг Кыргызстанда өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумуна онлайн катышты. Ал бүгүнкү иш чара инновациялык экосистеманы түзүүдө жана дүйнө аймагына калыптандырып жайылтууга чоң салым кошооруна ишенээрин билдирди. Дарен Танг мырза “Университеттер, интеллектуалдык чөйрө жаратмандык күчкө ээ. Бул күч Сovid-19 учурунда абдан сезилди. Пандемия башталгандан 21 ай ичинде окумуштуулар беш миңден ашык Сovid-19га байланыштуу илимий ачылыштарга патенттик сунуштарды беришти” - деди.

Ал о.э. "БУУ билим берүүдөгү, илимий иликтөөлөрдөгү инновациялык багыттарды жана интеллектуалдык менчиктин коммерцияланышын колдойт. Азыркы учурда жашоонун бардык тармагына пайда алып келүүчү илимий ачылыштар китепканаларда, илимий лабораторияларда чаң басып жатпашы керек, адамзаттын жашоосун жакшыртуучу процесстерге кызмат кылышы зарыл", - экендигин елгиледи..

Ушул сааттарда Бишкекте “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу Ректорлордун дүйнөлүк форуму өтүп жатат. Иш-чарага дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору катышууда.

02

Ч.Капарова

* * *

Дүйнөлүк банктын өкүлү: Мамлекет университеттердин ишмердүүлүгүн толук камсыздай албайт

- Мамлекеттик камсыздоо бардык университеттердин ишмердүүлүгүн канааттандыра албайт. Бул бүткүл дүйнө жүзүндөгү тажрыйба, - дейт Бишкекте өтүп жаткан ректорлордун форумунда Дүйнөлүк банктын өкүлү Хусейин Абдул Хамид. Анын айтымында, университеттер илимий жана изилдөөчүлүк багыттагы ачылыштарын практикалоо, массалык колдонууга жайылтуу, коомдун кызыкчылыгына туура келтирүү жолдорун инновациялык технологиялардын, ыкмалардын жардамы менен ишке ашырууну тезинен башташы керек.

Бул багытта Назарбаев университетинин проректору (Казахстан) Иленсами Адресида, Университеттерди автономиялык башкарууга өткөрүү мезгилдин талабы экенине кошулат. Ал илимий-теориялык багыттар менен катар экономикалык, материалдык-техникалык базалар чыңдалганда ийгиликтер жаралат деген пикирде.

Көптөгөн жогорку окуу жайлары мамлекеттик структуралар, ишканалар менен тыгыз байланышта. Студенттердин алган билимин реалдуу ишкана, мекемелерде практикалаганга кеңири шарттар түзүлгөн. Учурда ишкерлик университеттерин калыптандыруу керек дейт Кеттеринг университетинин (АКШ) менеджмент мектебинин деканы Хасиб Дж.Ахмед. Бул рынок экономикасынын, инновациялык технологиялардын доорундагы зарыл тармак. Андыктан бул шарт бардык мамлекеттерде жакшы жолго коюлушу керек.

Эске салсак, Бишкекте “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” темасындагы ректорлордун дүйнөлүк форуму өтүп жатат. Иш чарага дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору катышууда.

02

«Баласагын-ТВ»

* * *

Глобалдуу өзгөрүүлөр билим берүү тармагына таасирин тийгизди

Ректорлордун форумуна катышып жаткан Захир Джавед Парача – Виктория университетинин (Австралия) ректору. Ал масштабдуу форумду уюштуруп жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасына ыраазычылык билдирип, бардык тармактарда жүрүп жаткан глобалдуу өзгөрүүлөр эң биринчилерден болуп билим берүү тармагына зор таасирин тийгизип жатканына токтолду. “Университеттердин ишкердүүлүккө өтүшү  толугу менен билим берүүнүн коммерцияланышы дегенди түшүндүрбөйт, бул теориялык билим берүү менен практиканын оптималдуу айкалышы, студенттердин негизги кесибинен тышкары кошумча, инновациялык жөндөмдөрүн арттыруу менен мамлекеттин экономикасына салым кошуу дегендик” дейт Захир Джавед Парача. Анын пикиринде ар бир университеттердин базасында стартап долбоорлор, өндүрүш менен реалдуу кызматташуу келишимдери болушу керек.

Ал эми профессор Никета Ирери, Африка эл аралык университетинин (Кения) окулу. Кениялык профессор “Африка десе эле жакыр мамлекеттерди элестетсеңиздер керек, бирок, мен келген Кенияда жогорку билим берүү жакшы жолго коюлган. Африка эл аралык университети тиешелүү ииновациялык техникалар менен камсыздалган. Биздин мамлекетте акыркы жылдары билим берүүнүн онлайн формасы  өнүгүүдө. Университеттер менен мамлекеттик структуралардын, ишканалардын кызматташуусу жаңы ыкмаларга өттү. Университеттин базасында техникалык колледждердин ачылышы ошондой кызматташуулардын жыйындысы” деди.

02

«Баласагын-ТВ»

* * *

Маалымат коопсуздугу, санариптик жана инновациялык технология адистерине муктаждыктар жогорулайт

Бишкекте чогулган ректорлордун форуму секцияларда уланууда. Инновация жана социалдык таасирлер талкуусунда билим мекемелеринин келечектеги жөндөмү жөнүндө пикир алышуулар болуп жатат. Coursera for Campus (АКШ) башчысы Скот Шиермандын пикиринде, университеттер, билим берүү мекемелери келечекте кандай жөндөм, кесиптерге суроо-талап күч болоорунан кабардар болуусу абзел. “Жакынкы 10 жыл аралыгында инженерия, тармактык  аналитиктер,  маалымат коопсуздугу боюнча адистерге, санариптик жана инновациялык технология адистерине муктаждыктар жогорулайт. Дүйнө жүзү боюнча онлайн билим берүүнүн артыкчылыгы барган сайын күч алууда. Окутуу системасында студенттердин жөндөмдөрүн  арттыруу максатында ар кыл багыттагы кошумча курстарды, онлайн-тренингдерди өткөрүү максатка ылайык” дейт Шиерман.

NAWA (Малайзия) фондунун башчысы доктор Салех Басеад, Университеттерде берилген билим, жөндөмдөр келечекте студентке сөзсүз пайдалуу болушу зарыл дейт. Заманбап университет бардык тармактагы потенциалды өнүктүрүү, коомдо калыптанган баалуулуктарды сактап калуу, жайылтуу, өз адистиги боюнча терең билим берүү менен катар студенттин талантын ачып, кошумча жөндөмдөргө дагы үйрөтүү багытын өнүктүрүүсү керек. “Албетте, билим берүүнүн коммерциализацияланышы заман талабы, бирок, ошол эле маалда социалдык багыттарды унутта калтырбай, ал тармактарды да тиешелүү адистер менен үзгүлтүксүз камсыздоо зарыл” деди Салех Басеад.

Жогорку окуу жайларын келечеги Бишкекте өтүп жаткан ректорлордун дүйнөлүк форумунда талкууга алынып жатат.

02

«Баласагын-ТВ»

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 562 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары