Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу конференция болуп өттү

Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Матфактын жамааты Бакыт Кадыровду Combat Ju-Jutsu боюнча Азиянын чемпиону болушу менен куттуктайт!

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2022-жылдын 8-11-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында болуп өткөн Combat Ju-Jutsu боюнча Азия чемпионатында 85кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында Combat Ju-Jutsu FULL contakt (мушташ түрү) боюнча Азиянын чемпиону аталды. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! КУУнун окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!

Эскерте кетсек, Бакыт Кадыров эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2015-жылы Кисловодск шаарында өткөн Азия биринчилинде коло медаль, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн Дуйно кубогунда алтын медаль, Дели шаарындагы дүйнөлүк биринчиликте кайрадан алтын медаль тагынып, 2017–жылы грепплинг боюнча Баку шаарында өткөн Азиялык оюндардын чемпиону, эрежесиз уруштун “ULTIMAX” ММА версиясы боюнча 2018-жылы Тблиси шаарында грепплинг боюнча дүйнөлүк мелдештин чемпиону жана эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2018-жылдын 9-13-май күндөрү Грецияда өткөн дүйнөлүк  оюндардын вице-чемпиону, ошол эле 2018-жылдын 22-25 ноябрь күндөрү Баку шаарында өткөн “Алпагут ММА “жана ”Алпагут Грепплинг“ боюнча дүйнө чемпиону, 2019-жылдын 18-21 январь күндөрү Грузиянын борбору Тбилиси шаарында болуп өткөн “WJF GRAPPLING” боюнча дүйнө чемпиону, 2019-жылдын 3-9 майында ММАнын “HOSHARAFU Fahting CHAMPPIONSHIP” версиясы боюнча Индияда болуп өткөн HFC32 эл аралык турнирдин чемпиону , 2019-жылы август айында Тбилиси шаарында өткөн GRAPPLING WJF версиясы боюнча эл аралык турнирдин чемпиону, 2021-жылдын 25-июлунда Баку шаарында өткөн GRAPPLING WJF-13 версиясы боюнча алтын курдун ээси, 2021-жылдын 19-22-ноябрында Туркиянын Бурса шаарында өткөн ММАнын Алпагут версиясы боюнча Европа чемпиону, 2022-жылдын 12-15-майында Барселона шаарында болуп өткөн Combat Ju Jutsu боюнча Европанын ачык чемпионатында  «күрөш жана мушташ» түрлөрү боюнча коло медалдардын ээси, 2022-жылдын июнь айында Бурса шаарында  өткөн  Дүйнѳ кубогунда  «BATUR" (мушташ түрү) жана "GURSHAG" (грепплинг күрѳшү) түрлөрү боюнча алтын медалдардын жана  «Мыкты мушкер» наамынын ээси.

КУУнун окутуучулары жана студенттери дүйнө кубогунун 3 жолку ээси, Азиялык оюндардын жана биринчиликтин 3 жолку чемпиону, Европанын чемпиону, дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, ММАнын HFC32 жана GRAPPLING WJF версиясы боюнча эл аралык турнирлердин чемпиондук алтын курларынын ээси Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат.

02

04

Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 558 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары