Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу конференция болуп өттү

Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университетте стартап-борбор ачылды

00

2022-жылдын 1-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында стартап-борборлордун жана бизнес-инкубаторлордун ачылыш аземи болуп, иш чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, о.э. ЖОЖ жетекчилери онлайн форматта катышты. Улутттук университеттин ботаникалык багындагы стартап-борбордун алдына монитор орнотулуп, анын алдында КУУнун ректору Төлөбек АбдырахмановКорея өкмөтүнүн айыл чарба боюнча программасын Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча борбордун (KOPIA) директору Ли Санг Дук мырза, проректорлор жана студенттер турушту.

Аземдин башында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кыскача сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Бүгүнкү иш чаранын уюштурулуп жатканы – мамлекет "2026-жылга чейин өлкөнү өнүтүрүүнүн улуттук программасында" креативдүү экономикага өзгөчө орун бергендигин белгилейт. Өлкө аймактарындагы, экономика тармактарындагы мамлекеттик жана муниципалдык бийликтин колу жетпеген көйгөйлүү маселелерди чечүүдө стартаптардын ролу абдан чоӊ. Себеби, стартаптар жылдар бою чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү инновациялык, креативдүү бизнес идеялардын жардамы менен чечүүнү көздөйт.

Иш чаранын алкагында жаштардын, студенттердин, окуучулардын ар түрдүү багыттар боюнча жасаган стартап долбоорлоруна күбө болуп жатабыз. Айрым стартаптар иштеп, жемишин берип жатат, кээ бирлери идея боюнча турат. Бирок, алар келечекте социалдык, экологиялык, чыгармачылык, ишкердик жаатында жакшы натыйжаларды алып келээрине ишеним чоӊ.

Стартаптарды каржылоо - инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Ансыз эч бир стартап жаралбайт. Мына ошол үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында стартап долбоорлордун конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү, аларга колдоо көрсөтүү тартибин жана шарттарын, конкурстун жыйынтыгында алдыңкы стартаптары аныктоо боюнча жоболор иштелип чыкты.

Мындан ары студенттер жана жаш окумуштуулар туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы күчтөрү катары глобалдык чыгармачыл чөйрөгө интеграция болушу керек. Илимий жактан жетектеп, жардам берип, жаштардын бизнес идеяларын банктарга өткөрүүгө же өкмөт тараптан каржылоого жеткирүүгө көмөк көрсөткөн биздин мугалимдерибиз, профессор, академиктерибиз үчүн дагы акчалай сыйлыктар караштырылат.

Бизнес инкубаторлордун иши Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын калыптандырууга багытталат.

Кыргызстанда стартаптардын рыногу жаӊыдан өнүгүп келе жатат. "Силикон өрөөнүнүн" теориясы боюнча стартаптарыдын 10 пайызы гана иштеп кете алат. Ошондуктан, улутттук экономиканын өнүгүүсүнө таасир этүү үчүн биздин өлкөдө жылына 10 миӊдеген стартаптар иштелип чыгып, бизнес идеялардын ачык атаандаштыгы болушу зарыл.

Биз азыр 4.0 форматындагы жаӊы окуу жайларды түзүп жатабыз. Ошолордун биринчи кадамы катары стартапка мүмкүнчүлүгү бар, чыгармачыл балдарыбызды биздин окумуштуулар, профессордук-окутуучулар курамы - баары ушуга умтулуп, жардам берүүсү керек. Ишиӊиздер ийгиликтүү болушун биз каалайбыз. 

Андан кийин, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Министрлер Кабинетинин Төрагасы койгон тапшырмалар менен коюлган талаптарды министрликтин билим берүү жана инновация жаатындагы мекемелери, жогорку окуу жайлар аткарууга толугу менен даяр экендигин билдирип, ачылыш аземин баштоого уруксат сурады.

Акылбек Жапаровдун уруксатынан кийин, Улутттук университеттин ботаникалык багындагы стартап-борбордун алдына тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов менен Корея өкмөтүнүн айыл чарба боюнча программасын Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча борборунун (KOPIA) директору Ли Санг Дук мырза кесип, кыскача куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Аземдин соңунда иш чаранын катышуучулары стартап-борбор менен таанышып чыгышты.

Иш чарага окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев катышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 548 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары