Жекшемби, Ноябрь 27, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Министрликтин бөлүм башчысы илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Профессор Бекболот Канетов Чехиядагы ири симпозиумда баяндама жасады

00

Алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Бекболот Канетов 2022-жылдын 24-29–июлунда Чехиянын Прага шаарында өткөн 13–топологиялык ири симпозиумдун (TOPOSYM-2022) ишине катышып келди. Илимий жыйында ал “Selection Principles in Uniform Topology” деген темада жарым сааттык баяндама жасап, 1983-жылы Карлов университетинин физика жана математика факультетинин илимий семинарында белгилүү чех математиги Зденек Фролик койгон “Униформизациялоо” проблемасынын тандоо принциптеринин теориясында чечилиши жөнүндө кененирээк сөз кылды. Баяндама зор кызыгууну жаратып, проблеманын чечилиши жөнүндө бул тематика менен илимий иштерин жүргүзгөн Мексикалык, Россиялык, Кореялык, АКШ, Израилдик математиктер оң пикирлерин айтышты.

Симпозиумдун жүрүшүндө профессор Б.Э.Канетов Бен-Гурион (Израиль) университетинин профессору А.Лейдерман, МГУнун (Россия) профессору О.Сипачева, Мексиканын улуттук университетинин профессору С.Антонян, Карлов университетинин (Чехия) профессору Марек Гут жана башка окумуштуулар менен маектешип, идеяларды белгилешип, айрымдары менен илимий макалаларды жана монографияларды биргеликте жазуу боюнча макулдашты.

Илимий жыйындын аягында уюштуруу комитетинин секция башчысы, профессор Жекуб Уэр профессор Б.Э.Канетовго кызыктуу баяндамасы жана симпозиумдун ишине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, сертификатты тапшырды. Симпозиумдун илимий комитетинин төрагасы, “Topology and its Application” журналынын редактору, Амстердам университетинин профессору Ян ван Мил Б.Э.Канетовдун жасаган баяндамасынын кол жазмасын “Topology and its Application” журналынын атайын номерине илимий макала катары жарык көрүшүнө сунуштады. “Topology and its Application” журналы Scopus жана Web of Science базаларында индекстелет, импакт фактору IF=0,57 (2022) жана квартили  Q3.

Прагалык ири симпозиум 1961–жылдан бери ар бир 5 жылда Прага шаарында өтөт. Симпозиумдун ишине бул ирет дүйнөнүн 120 өлкөсүнөн окумуштуулар катышты. Симпозиумдун негизги максаты - математиканын топология областынын азыркы абалын жана кандай багытта экенин аныктоо, заманбап көйгөйлөрүн белгилөө жана анын колдонуштарын арттыруу болуп саналат.

Бул саам симпозимдун уюштуруу комитетинин негизги курамын (дээрлик бардыгын) мыкты Чехиялык “жаш окумуштуу математиктер” түзгөнүн, демек, “Прагалык симпозиумдун” келечеги кең экендигине күмөнү жок ынанган профессор Б.Э.Канетов “Үйрөнчү, сабак алчу жана колго алаарлык иш” болду дейт.               

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20  

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюунча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 633 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары