Бейшемби, Август 11, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Улуттук университетке Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу келди

2022-жылдын 5-август күнү Улуттук университетке Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу келип, окуу жайдын ботаникалык багындагы технопарк менен таанышты. КУУнун ректору Канат Садыков ботаникалык бактагы Түштүк Корея өкмөтүнүн айыл чарба боюнча программасын Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча ачылган борбордо (KOPIA) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн инновациялык технологиялары, күнөсканадагы топуракты даярдоо жана тамчылатып сугаруу системасы жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча КУУнун Enactus командасы тарабынан иштелип чыккан стартап-проекттер тууралуу айтып берди. 

Ректордун айтымында, аталган борбор о.э. биология жана география багытында окуп жаткан КУУнун студенттери үчүн окуу, илимий жана тажрыйба базасы катары да колдонулат.

KOPIA борборунун өкүлү Аркадий Кан 2020-жылы университет бөлгөн каражатка ботаникалык бактын ичинде скважина казылып, суу чыгарылганын, андан кийин бак-дарактар тигилип, биология факультетинин окутуучулары менен студенттеринин окуу жана илимий-тажрыйба иштерин жүргүзүү үчүн ботаникалык бактын аймагы "Мөмөлүү дарактар", "Чөп өсүмдүктөрү жана гүлдөр", "Декоративдүү дарактар жана бадалдар" деп аталган 3 тилкеге бөлүнүп, эксперименттер жүргүзүлө баштаганын, ал эми 2021-жылдын 21-январында KOPIA менен түзүлгөн келишимдин негизинде ботаникалык бактын аймагына заманбап күнөскана курулуп, ал жерде Кыргызстандын фермерлери, дыйкан чарбалары жана биология факультетинин студенттери үчүн Түштүк Кореянын айыл-чарба тармагындагы жетишкендиктери, топуракты иштетүү, тамчылатып сугаруу боюнча жаңы технологиялары көрсөтүлүп, семинар, сабактар өтүлөөрүн жана Кореялык инвесторлор ботаникалык бактын ичинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, "жайкы" жана "кышкы" дарсканаларды курушканын айтып берди. 

Ал о.э. KOPIA борборунда селекция иштери да жүргүзүлөөрүн, б.а. Кореядан алынып келинген өсүмдүктөрдүн уруктары ботаникалык бакта текшерилип, апробациядан өтүп, жыйынтыгында, ал өсүмдүктөрдүн Кыргызстандын шартына ылайыкташкан жергиликтүү сорттору чыгарылаарын, технопаркта айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, сугаруу жана топуракты иштетүү боюнча Кореянын заманбап технологиялары көрсөтүлөөрүн билдирди.

Иш чарага о.э. административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев жана чарба башкармалыгынын кызматкерлери катышты. 

01

02

03

04

05

06

08

12

16

18

20

22

24

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

54

56

58

60

62

64

66

68

74

76

press knu 2022