Шаршемби, Август 10, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Маанилүү материалдар

Улуттук университетке Билим берүү жана илим министринин орун басары келди

Кулактандыруулар

Абитуриент - 2022: КУУнун видеоролиги

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университет өзгөчө макам берилген жогорку окуу жайлардын сап башында

00

Бул тууралуу 2022-жылдын 18-июль күнү өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкта айтылат. Аталган документке ылайык, кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине берилди.

Жарлыктын негизинде аталган университеттер төмөндөгүдөй укуктарга ээ болушат:

  • бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системасынан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банк эсептерин ачууга;
  • көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоого;
  • окуу иштери боюнча проректорлорду дайындоого жана бошотууга;
  • ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин, ошондой эле аларды башкарууга жана персоналына карата талаптарды өз алдынча аныктоого;
  • өз алдынча көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча эмгек акы төлөөгө жумшалуучу каражаттардын үлүшүн аныктоого, ЖОЖдун кызматкерлеринин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, материалдык дем берүүнүн жана материалдык жардам көрсөтүүнүн формаларын жана өлчөмдөрүн белгилөөгө;
  • аудиттин эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын көз карандысыз тышкы же ички (ЖОЖ ичиндеги) аудитордук текшерүүнү кошпогондо, 3 жылдык мөөнөткө текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотууга;
  • билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштерден каражат түрүндө киреше алууга жана аларды ЖОЖдун ишин жакшыртууга жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жумшоого;
  • өз алдынча көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды тескөөгө;
  • 2022-жылга каралгандан төмөн эмес көлөмдө мамлекеттик билим берүү гранттарын алууга;
  • акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө;
  • окугандардын санын өз алдынча аныктоого жана бар болгон аянттарды жана ЖОЖдун башка шарттарын эске алуу менен студенттерди кабыл алуу планын бекитүүгө;
  • ЖОЖдордун юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрүнө капиталдык жана учурдагы оңдоо, аларга бекитип берилген, алардын балансында турбаган материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү менен байланышкан финансылык чыгымдарды аталган бөлүмдөрдүн бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларынын чегинде жүргүзүү укугун берүүгө.

Жарлыкта о.э. төмөндөгү мамлекеттик жогорку окуу жайларын кайра уюштуруу максатка ылайыктуу деп табылат:

  • М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин - "Илимий-изилдөө университети" деген статусту берип, Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финасылык-экономикалык техникумун кошуу менен;
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин - Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу менен;
  • Ош мамлекеттик университетин - Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу менен;
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин - Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, Академик Ү.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу менен.

Жарлыктын максаты - Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

press knu 2022

Маалымат булагы: КР Президентинин расмий сайты

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 829 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары