Бейшемби, Август 11, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Маанилүү материалдар

Улуттук университетке Билим берүү жана илим министринин орун басары келди

Кулактандыруулар

Абитуриент - 2022: КУУнун видеоролиги

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Профессор Бекболот Канетов Сербиядагы эл аралык илимий конференцияда баяндама жасады

002022-жылдын 27-июнунан 4-июлуна чейин алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Бекболот Канетов Сербиянын Врнячка Баня курортунда Кружевак, Белград жана Нищ университтетери биргеликте өткөргөн “Анализ, топология жана колдонуштары” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Иш чаранын ачылышында Сербиянын Билим жана илим министри, Врнячка Баня шаарынын мэри, Кружевак университетинин ректору, Сербия илимдер академиясынын академиктери жана башкалар чыгып сүйлөштү. Алардын катарында КУУнун профессору да куттуктоо сөзүн айтты.

Конференциянын ишине Словакия, Германия, Македония, Алжиря, Индия, Улуу Биртания, Хорватия, Азербайжан, Кытай, Греция, Россия, Турция, Иран, Босния жана Герцоговиня, Хорватия ж.б. мамлекеттерден келген окумуштуулар катышты.   

Бекболот Канетов бул конференцияда “About Uniformly Menger Space”, “On Some Properties of Hyperspacees of Uniform Spaces" жана “On Properties of Compactness Type of Uniform Spaces” аталышындагы 3 баяндама жасады.

Айрыкча анын “About Uniformly Menger Space” баяндамасы зор кызыгууну жаратты. Анткени, анда  дүйнөгө таанымал математиктердин бири, Нищ университетинин профессору Л.Д.Р.Кочинац 2003-жылы койгон маселенин чечилиши жөнүндө сөз болду.

Ал маселеде Менгердик, Гуревичтик жана Ротбергердик бир калыптуу касиеттердин тандоо принциптер теориясында түрдүү экенин далилдөө керек  болчу. Баяндамада маселенин чечилиши кенен айтылып, контрмисалдар менен толукталган. Профессор Л.Д.Р. Кочинац өзү койгон маселени профессор  Б.Э.Канетов кынтыксыз чечкенин жана тандоо принциптери теориясында зор кошумча салым болгонун баса белгиледи.

Буга удаа россиялык профессор А.В.Осипов жана индиялык профессор С.К.Ачаария баяндама боюнча оң пикирлерин айтышты.

Үч баяндама тең Скопус базасында индекстелген жана импакт фактору IF=0,68 болгон “Kragujevac Journal of Mathematics” журналына чыгарууга сунушталды.

02

04

06

08

10

12

Рахманкулов Бахтиярдекандын тарбия иштери боюнча орун басары, ф.-м.и.к., доцент   

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 838 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары