Бейшемби, Август 11, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Маанилүү материалдар

Улуттук университетке Билим берүү жана илим министринин орун басары келди

Кулактандыруулар

Абитуриент - 2022: КУУнун видеоролиги

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002022-жылдын 29-июнь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "Жаңы окуу жылына даярдык актысын бектитүү жөнүндө" жана башка маселелер каралды. Онлайн жана оффлайн форматта өткөн жыйындын башында ректор "Физиканы окутуунун технологиясы жана табият таануу" кафедрасынын доценти Бердибек Жумабаев менен профсоюз комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Ивановго "Жусуп Баласагын атындагы төш белги" тапшырды.

Андан кийин Канат Садыков кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, биринчи маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров чыгып сүйлөп, жаңы окуу жылына карата даярдык тууралуу айтып берди. Ал о.э. "Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттерин окутуунун регламенти" тууралуу баяндама, "Окуу куралдарына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин алуу жөнүндө" билдирүү жасады.

Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев "Доктордук диссертациянын темасын бекитүү" жөнүндө билдирүү жасады.

Адистерди кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультетинин деканы Алайбек Шамшиев “Ардактуу профессор” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизди.

"КУУнун окуу аймактарын кеңейтүү максатында Ош шаарындагы №12-кесиптик лицейи менен келишим түзүү" маселеси менен КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый факультетинин деканы Каныбек Абдуганиев чыгып сүйлөдү.

Кесиптик колледждин директору Аскар Акматов өзү жетектеген түзүмдүн айрым бөлүмдөрүнүн атын өзгөртүү жана алардын структурасы менен штаттык бирдиктери тууралуу билдирүү жасады.

Улуттук университеттин Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы пансионатынын кызматкерлеринин айлык маяналары жөнүндө мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан маалымат берди.

Ректор Канат Садыков химия илимдеринин кандидаты, органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын  профессору Бообекова Сайнаке Бообековнанын “Химиялык экология” китебин Касым Тыныстанов атындагы сыйлыкка сунуштады.

Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 836 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары