Ректор кабыл алуу комиссиясынын даярдыгы менен таанышып чыкты
05.07.2022 13:20
2022-жылдын 4-июль күнү КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, ректор Канат Садыков 6-окуу имаратынын фойесинде жайгашкан кабыл алуу комиссиясына барып, ал жердеги даярдык иштери менен таанышып чыкты. Быйыкы абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясына даярдык жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу ректорго аталган комиссиянын жооптуу секретары Изат Усенов маалымат берди. Иш чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректорлору жана факультет декандары катышты.