Университеттин пансионатында “Ысык-Көл кечтери” фестивалы өтүүдө
27.06.2022 18:22
2022-жылдын 25-июнунда Улуттук университеттин Бостери айылындагы пансионатында “Ысык көл кечтери” аттуу фестиваль башталды. Маданий- спорттук иш чара университеттин 90 жылдыгына арналып, президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарын турмушка ашыруу максатында өткөрүлүүдө. Фестивалды Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан менен И.Раззаков атындагы КМТУнун өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Жыргалбек Сыдыков ачышып, өткөрүлүп жаткан иш чара жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты жана достукту бекемдээрин белгилөө менен катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Маданий жана спорттук бөлүктөрдөн турган фестивалдын биричи күнүндө окуу жайлардын окутуучулары ыр, бий жана күү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшсө, экинчи бөлүгүндө волейбол, футбол, шахмат, ордо жана аркан тартыш боюнча күч сынашмакчы. Фестиваль 27–июнга чейин уланмакчы.