Шаршемби, Июнь 29, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты

2022-жылдын 2-3-июнунда кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында болуп өткөн «Актуальные проблемы диалектологии языков народов России» аттуу XIX эл аралык илимий конференцияга катышып, 3-секцияда «Социолингвистика: социальная дифференциация языков» аттуу темада доклад жасады. 

Франция, Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Беларусия, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголиядан окумуштуулар катышкан конференция 2 күнгө созулуп, илимий докладдар төмөндөгү 5 секцияда талкууланды: «Актуальные вопросы диалектологии», «Общие вопросы языкознания», «Проблемы этно- и социолингвистики и методики преподавания родных языков», «Актуальные проблемы компьютерной и корпусной лингвистики», «Литература, фольклор и история в поликультурном пространстве».

Иш чараны Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен Россия илимдер академиясынын тил илими институту, Уфа федералдык илим-изилдөө борбору жана тарых, тил жана адабият институту, Башкортстан илимдер академиясы биргелешип уюштурду.

02

04

06

08

10

12

Гүлжамал Жаманкулова - кыргыз тил илими кафедрасынын профессору