КУУнун жамааты "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи
2022-жылдын 31-майында КУУнун жамааты салтка айланып калган "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи. Майрамдык салтанат башкы имараттагы чоң жыйындар залында өттү. Иш чаранын алдында ректор Канат Садыков жыйынга конок катары келген Кореянын Кемён университетинин президенти Шин Ильхи мырза баштаган делегация мүчөлөрүн жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди 2-кабаттын фойесиндеги "Кыргыз мамлекеттик университетин ачуу тууралуу" И.Сталин кол койгон СССР Министрлер Советинин токтому жана "Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин" "Кыргыз улуттук университети" деп кайра атоо жөнүндө президент А.Акаев кол койгон жарлыктар жазылган жаңы маалымат тактайлары менен тааныштырды.
Салтанаттуу жыйындын башында Канат Садыков Кореянын Кемён университетинин президенти Шин Ильхи мырзага "КУУнун ардактуу доктору" наамын ыйгаруу жөнүндө буйрукту окуп, сыйлык ээсине "Ардактуу доктордун" дипломун тапшырды жана мантиясын кийгизди. Жаңыдан гана КУУнун ардактуу доктору болгон Шин Ильхи мырза адамзаттын жаңы маданий тарыхы тууралуу лекция өтүп, Омар Хайямдын рубаилеринен окуп берди.
Жыйындын андан аркы бөлүгүндө ректор окуу жайдын жамаатын Улуттук университеттин 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, КУУда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо зор ийгиликтерге жетишкен кызматкерлерге Билим берүү жана илим министрлиги (сыйлангандардын тизмеси) менен КУУнун сыйлыктарын тапшырды.
Сыйлыктар о.э. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев (сыйлангандардын тизмеси), Бишкек шаарынын мэриясынын (сыйлангандардын тизмеси), Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Максат Сазыкулов, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын өкүлү, окуу жайдын профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков тарабынан тапшырылды. Ал эми мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан КУУнун окутуучу-профессорлорунун арасында өткөрүлгөн мамлекеттик тилде окулган “Мыкты лекция”, “Мыкты практикалык сабак” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.
Иш чарага Кемён университетинен келген делегация мүчөлөрү да катышты. Алар: эл аралык бөлүмдүн деканы Ким Сонджунг айым, орус тили жана адабияты мугалими Пак Сунжин айым, эл аралык бөлүмдүн координатору Чой Хенвук мырза жана Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин президенти Вячеслав Хан.
Салтанаттуу жыйын аяктаган соң, Шин Ильхи баштаган Кемён университетинин делегациясы техникалык каражаттары менен жабдыктары өзү жетектеген окуу жайдын каражатына алынган журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясы жана маалыматтык жана инновациялык технологиядар факультетинин компьютердик классы менен таанышып, Кемён университетинин стипендиясына ээ болгон студенттер менен баарлашты.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Ду кай 21.04.2022 14:37
-
Жаркынай
30.03.2022 11:54
Здравствуйте, я хочу поступить после мед.колледжа, нужен ли ОРТ? Если нужен доп.предметы какие нужно ...
-
Айжан
15.02.2022 09:31
Саламатсыздарбы ! Мен 2015 жылы отчисление болуп кеткем, атестатым калып кеткен. Азыр алып кетсем ...
Студенттердин ?-лору
-
Nurdai
12.05.2022 13:59
Изменились ли даты летних каникул?
-
Сауле
04.04.2022 00:52
Саламатсызбы, мен 11 класс мын, ОРТ проходной бал га жетпей калса , тапшырсам болобу , выход барбы?
-
Назира
04.03.2022 14:48
Саламатсызбы, осенний семестрдин стипендиясы качан тушот? Уже март келди.
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Нурсултан
18.05.2022 11:43
Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?
-
Каримов Нурбакыт
12.11.2021 09:12
Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...
-
Umut Almazbekova
28.07.2021 10:30
Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Айзирек
13.09.2021 15:15
Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...